Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен Израилдин Ирандагы аракеттерин катуу айыптап, бул иштерге карата эл аралык коомчулуктун кескин сын-пикирин күчөтүүгө чакырды.
Бул тууралуу Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги (ЦТАК) билдирди.
Пхеньяндын пикиринде, АКШ менен Израил Ирандын суверенитетин жана БУУнун Уставын, ошондой эле эл аралык укукту одоно бузду.
«Түндүк Корея АКШнын Иранга чабуулун өлкөнүн эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы жасалган орой бузуу катары, ошондой эле БУУнун Уставын оор түрдө бузган аракет катары катуу айыптайт», — деп белгилешти министрликтен.
Түндүк кореялык дипломаттар ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы учурдагы чыңалууну «Израилдин текеберлигинин» натыйжасы катары мүнөздөштү.

















