7-июнь күнү кечинде Иран Израилге бир нече жолу ракеталык сокку урду. Израиль армиясы Иран тарабынан жасалган ракеталык чабуулдардан улам абадан коргонуу системалары ишке киргенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Иран тарабынан ракеталык соккулардын үчүнчү толкуну жасалгандан кийин Израилдин түндүгүндө аба чабуулу тууралуу коңгуроолор жаңырды.
Ирандын Куралдуу күчтөрү эгер Израиль Ливанга каршы чабуулдарын кеңейтсе же Ирандын аракеттерине жооп кайтарса, анда ал мындан да кыйраткыч соккуларга туш болорун билдирди.
Tasnim маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, Ирандын куралдуу күчтөрү Израилге сокку урууда “Хейбаршекан” катуу отундуу баллистикалык ракеталарын колдонушкан. Агенттиктин маалыматы боюнча, бул ракетанын учуу аралыгы 1450 км, салмагы 4500 кг жана узундугу 10 метр.
Ирандын Жарандык авиация башкармалыгы өлкөнүн батышындагы аба мейкиндиги өзүнчө билдирүү чыкканга чейин жабылганын жарыялады.
Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеинин кеңешчиси генерал-майор Мохсен Резаи Израилге жасалган ракеталык сокку тууралуу комментарий берип жатып:
«Иран ок атышууну токтотуу режиминин бузулушуна жана Ливанга жасалган чабуулдарга чыдабай турганын бир нече жолу эскерткен», — деди.
Ал X социалдык тармагындагы баракчасына:
«Агрессорлор бүгүн кечинде өз жообун алышты. Бул жооп алардын аракеттерин токтотуу зарылдыгы жөнүндө эскертүү болуп саналат. Ар кандай кийинки кадам кыйратуучу каршылыкка туш болот», — деп жазды.
Трамп Иранды сүйлөшүүлөргө көңүл бурууга чакырды
АКШнын президенти Доналд Трамп Иран Израилге ракета соккуларын жасагандан кийин сүйлөшүүлөргө көңүл бурушу керек экенин айтты.
Fox News телеканалынын маалыматына ылайык, Ак үй башчысы:
«Мен Иранга мындай демекмин: силер ракеталарыңарды учурдуңар, эми бул жетиштүү. Сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келип, биз менен келишим түзгүлө», — деген.

















