АКШ менен КЭДРдин лидерлеринин жолугушуусу Кытайда өтө турган АТЭС саммитинин алкагында болушу мүмкүн. Ошол эле учурда жолугушууга расмий даярдык азырынча баштала элек. Бул тууралуу Вашингтондогу агенттиктин өз кабарчысы Wall Street Journal басылмасына шилтеме жасап билдирди.
Трамп Түндүк Кореянын лидери менен жеке дипломатияны кайра жандандырууга умтулууда. Ал түз жолугушууну Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо мүмкүнчүлүгү катары карап жатат.
Ыктымал жолугушуу 2026-жылдын күзүндө, болжол менен ноябрда өтүшү мүмкүн. Анткени ошол учурда Трамп АТЭС иш-чараларына катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына барышы мүмкүн.
Трамп үчүн бул, айрыкча Иран маселесинде көзгө көрүнөрлүк ийгилик болбой жаткан шартта, тышкы саясаттагы олуттуу жетишкендикке айланышы мүмкүн.
Бирок эксперттер жаңы жолугушуу олуттуу натыйжа берерине күмөн санашууда. Мурунку саммиттерден кийинки мезгилде Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк жана ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла күчөттү.
Сеул жалпысынан Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын диалогун кайра жандандырууну колдойт. Анткени бул Корей жарым аралындагы чыңалууну азайтууга жардам берет деп эсептейт.
Бирок ошол эле учурда тараптар Түндүк Кореяны иш жүзүндө өзөктүк держава катары тааныган же анын өзөктүк программасына коюлган талаптарды чектеген кандайдыр бир келишим түзүп алышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Мындай кадам Түштүк Кореянын коопсуздугуна жана АКШ менен түзүлгөн альянстын ички мамилелерине зыян келтириши мүмкүн.
Түштүк Кореядагы Сонгюнгван университетинин саясат таануу кафедрасынын доценти, доктор Сонмин Чо The Diplomat басылмасына берген комментарийинде Түндүк Кореянын лидеринде АКШ президенти менен жолугушууга көбүрөөк себептер бар экенин белгилейт.
Биринчиден, Трамп менен саммит өткөрүү Түндүк Кореянын иш жүзүндө өзөктүк держава катары макамын бекемдөөгө жардам бериши мүмкүн. Трамп КЭДРде өзөктүк курал бар экенин бир нече жолу мойнуна алган, бирок бул АКШ Түндүк Кореяны мыйзамдуу өзөктүк держава катары расмий тааныды дегенди билдирбейт.
Экинчиден, Ким сүйлөшүүлөр аркылуу Түштүк Кореядагы АКШнын аскердик катышуусун жана Пхеньян коркунуч катары эсептеген америкалык-түштүк кореялык биргелешкен аскердик машыгууларды кыскартууга жетишүүгө аракет кылышы мүмкүн.
Үчүнчүдөн, Трамп менен жеке дипломатияны кайра жандандыруу Кимдин АКШ Түндүк Кореянын жетекчилигине каршы аскердик операция жүргүзүшү мүмкүн деген кооптонуусун азайтат.
Төртүнчүдөн, АКШ менен мамилелердин жакшырышы Түндүк Кореяга Кытайга болгон көз карандылыгын азайтып, Вашингтонду Бээжинге каршы тең салмактоочу күч катары пайдалануу аркылуу өз алдынчалыгын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Бешинчиден, Вашингтон менен мамилелерде жылыш болушу Пхеньянга Түштүк Кореянын дипломатиялык обочолонушун күчөтүүгө шарт түзүшү мүмкүн. Ошентип, Корей жарым аралына байланыштуу негизги маселелер Сеулдун катышуусуз эле КЭДР менен АКШнын ортосунда чечиле тургандай көрүнүш түзүлөт.
Алтынчыдан, Трамп менен жаңы саммит Ким Чен Ындын өлкө ичиндеги легитимдүүлүгүн бекемдеши мүмкүн. Ал АКШ менен мамилелердин жакшырышын жана өзөктүк арсеналдын сакталышын өзүнүн ийгиликтүү стратегиясынын натыйжасы катары көрсөтө алат.
Буга чейин АКШ президенти Пхеньянга байланыштуу АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгууларынын масштабын кыскартууга көрсөтмө берген. Ал бул чечимин Ким менен жакшы мамиледе экендиги жана Түштүк Кореянын АКШга Ормуз кысыгына байланыштуу маселеде жардам берүүсүн каалабаганы менен ачык байланыштырган.















