Түндүк Казакстан облусунда суу ташкындарын көзөмөлдөөчү дрон системасы ишке киргизилди.
Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев тарабынан коюлган милдеттердин алкагында казак өкмөтү санариптик чечимдерди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.
Санарип форумунун алкагында сунушталган жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн колдонулуп жаткан бирдиктүү дрон системасы Түндүк Казакстан облусунун акимчилигинин демилгеси менен суу ташкындарына мониторинг жүргүзүү максатында колдонулат.
Муну аймактык бийликтин берген маалыматына таянып, Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
“Дрондор суу каптоо коркунучу бар аймактардан маалыматтарды чогултуу үчүн белгиленген траектория жана алдын ала белгиленген маршруттар боюнча күнүнө үч жолу учат. Бул дарыялардын муз катмарынын абалын, кардын запастарын, эрүү чекиттерин, ташкындарды реалдуу убакытта баалап, өз убагында чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет”, – деди Түндүк Казакстан облусунун акиминин аппарат жетекчиси Руслан Алишев.
Анын айтымына караганда, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык “Казактелеком” Казакстан боюнча бирдиктүү дрон инфраструктурасы боюнча долбоорун ишке ашырып, жакынкы аралыкта 100гө жакын учкучсуз учактарды ишке киргизүүнү пландап жатат.
Пилоттук режимде алар ар кандай максаттарда колдонулат: учурдагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү, турак жай-коммуналдык чарба тармагында, ошондой эле Түндүк Казакстан аймактарында өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн дрондорду учуруу.
Бул жаңычылдык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун натыйжалуулугун жогорулатууга, мониторингди жакшыртууга жана сел коркунучуна дуушар болгон аймактарда коопсуздукту камсыздоого багытталган. Келечекте бул тажрыйба суу каптоо коркунучу бар башка аймактарга да жайылтылат.
Жасалма интеллект Түндүк-Казакстан облусундагы суу ташкынынын абалын көзөмөлдөөгө жардам берери мурда кабарланган.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Казакстандын Атырау, Актөбө, Караганды, Костанай, Түндүк Казакстан жана Акмоло облусттарында селден улам суу ташкыны пайда болуп 100 миңге жакын киши эвакуацияланган.
Ал эми 3686 жер үй, 557 короо жана 1822 дача жайлар суу алдында калган. Президент Касым-Жомарт Токаев бул кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган.



















