Казакстан жогорку технологиялуу дрондорду чыгарууну пландоодо. Өндүрүлгөн дрондор Казакстандын ички рыногуна гана камсыз кылбастан, Борбор Азия өлкөлөрүнө да экспорттолот.
Бул маалыматты Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин казак басылмалары жазышууда.
Маалыматта билдирилгендей, «Есил Технология» компаниясы жогорку технологиялуу дрондорду чыгаруучу ишкана курууга ниеттенүүдө. Облус катары Алматы облусу тандалып алынган.
Долбоор Айыл чарба министрлигинин жана «KAZAKH INVEST» АКнын колдоосу менен ишке ашат.
Казакстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен инвесторлордун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Казакстандын индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүн жана экономикасын диверсификациялоону колдоого багытталган долбоордун баасы болжол менен 12 миллион долларды түзөт.
Өндүрүлгөн дрондор Казакстандын ички рыногуна гана жеткирилбестен, Борбор Азия өлкөлөрүнө да экспорттолот. Өндүрүш процессине эл аралык тажрыйбага ээ алдыңкы инженерлер, ошондой эле казакстандык адистер катышат.



















