Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги Трамптын 25 пайыздык пошлинасына жооп берерин убада кылганын министрликтин маалымат кызматы шейшембиде билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жолдоп, Вашингтон 2025-жылдын 1-августунан тарта Казакстандан келген товарларга 25 пайыздык алымдарды киргизе турганын маалымдаган.
“АКШ Казакстандан келген товарларга 25%дык алым киргизгенине байланыштуу Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги расмий жооп даярдап жатат”, — деп айтылат маалыматта.
Республиканын Соода министрлиги 3-апрелде АКШ киргизген тарифтик чаралар Казакстандын Америкага экспортунун 4,8%на гана таасирин тийгизээрин, бул өлкөгө жеткирилген товарлардын 90%дан ашыгы АКШ бекиткен өзгөчөлүктөрдүн тизмесине киргендиктен, кошумча алымдар алынбай турганын билдирген.
Кошумча алымдар Казакстандан 2024-жылы 95,2 миллион долларды түзгөн товарлардын айрым топторуна гана тиешелүү болору белгиленген. Аларга фосфор, ферросилиций, линзалар, буудай глютени жана нитрат аммонийи кирет.
Апрель айында Трамп 185 өлкөдөн, анын ичинде Казакстандан товарлардын импортуна бажы алымдарын киргизгенин жарыялаган. Ак үйдүн маалыматы боюнча, Казакстанда америкалык товарларга 54%дык алым белгиленген, ага байланыштуу АКШ күзгү чаралар менен жооп кайтарып, казакстандык продукцияга 27% пошлинаны киргизген.
Казакстандын Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Казакстан менен АКШнын ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн, бул бир жыл мурункуга караганда 4%га көп. Казакстандын АКШга экспорту 2024-жылы 30,6% өсүп, 2 миллиард долларды түзсө, АКШдан Казакстанга товар импорттоо 2,2 миллиард долларга жеткен. Казакстандын АКШга экспортунун негизги бөлүгүн чийки мунай, уран, күмүш, ферросплав жана башкалар түзөт.

















