Казакстан менен Өзбекстан биргелешип космостук спутниктерди учурууну пландаштырууда. Эки өлкөнүн санариптик министрликтеринин жетекчилери Шерзод Шерматов менен Жаслан Мадиев Астанада жолугушту.
Бул тууралуу Өзбекстандын санариптик технологиялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу санариптик инклюзия жана трансформация боюнча Азия-Тынч океан конференциясынын алкагында өттү. 2024-жылдын аягына чейин алар жасалма космостук спутниктерин бирге учуруу боюнча сунуштарды даярдашат.
«Эки өлкөнүн катышуусу менен космоско жасалма спутниктердин тобун биргелешип жөнөтүү боюнча кызматташуу маселелерин изилдөө жана жылдын аягына чейин аналитикалык маалыматтарды талдоонун негизинде сунуштарды иштеп чыгуу талкууланды», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

2022-жылдын май айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзүнүн жарлыгы менен Казакстан менен космос мейкиндигин тынчтык максатта изилдөө жана пайдалануу жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди бекиткен. Кийинчерээк Ташкентте эки тараптуу жумушчу топтун биринчи отуруму болуп, анын жыйынтыгында «Өзбеккосмос» агенттиги суу ресурстарына космостук мониторинг жүргүзүү боюнча казакстандык кесиптештердин тажрыйбасын Өзбекстанда бул системаны ишке ашыруу үчүн үйрөнүү ниетин билдирген.





















