Казакстандын Суу чарба жана ирригация министрлиги суу ташкындарына каршы биргелешип күрөшүү үчүн кытайлык кесиптештери менен трансчегаралык дарыялар боюнча маалымат алмашат.
Бул маалыматты аталган министрликтин билдирүүсүнө таянып “Казинформ” агенттиги жазды.
2005-жылдан бери Казакстан менен Кытайдын ортосунда трансчегаралык дарыялардагы табигый кырсыктар тууралуу шашылыш билдирүү боюнча келишим иштеп келет. Келишимдин негизинде тараптар суу ташкындары жана муз кубулуштары тууралуу бири-бирине маалымат берүүгө милдеттүү.
Байкоо иштери Или дарыясындагы Сандаохези, Иртыш дарыясындагы Нанван жана Текес дарыясындагы Текес гидрографиялык станцияларында жүргүзүлөт.
Министрлик Кытай, Орусия жана Борбор Азия мамлекеттеринин суу чарба мекемелери менен дайыма байланышта жана бардык трансчегаралык дарыялар боюнча маалымат алмашуу жүргүзүлөт.
“Маалыматтар акимчиликтерге жана Өзгөчө кырдаалдар департаментине өткөрүлүп берилди. Гидротехникалык курулуштарда 24 сааттык нөөмөт уюштурулган. Өзгөчө кырдаалдар жаралса “Казводхоздун” жана бассейндик инспекциялардын адистери керектүү чараларды көрүүгө даяр”,- деп билдирди Суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов.
Март айында Казакстан менен Кытайдын суу чарба мекемелери биринчи жолу суу ресурстары тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.
Документте сарамжалдуу пайдалануу менен бирге заманбап технологияларды киргизүү, альтернативдик суу булактарын бөлүштүрүү жана өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө каралган. Ошондой эле тажрыйба алмашууну жана кадрларды бирге окутууну карайт.
Казакстан эл аралык келишимдердин алкагында коңшу мамлекеттер менен маалымат алмашып, селдин абалына тынымсыз көз салып турат.
Кызматташуу Кытай, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүн камтыйт.



















