Каспий деңизинде россиялык жана ирандык кемелердин катышуусунда куткаруу иштерин жүргүзүү жана деңиз коопсуздугун камсыздоо боюнча машыгуулар башталды. Бул тууралуу машыгуунун расмий өкүлү капитан Аббас Хасани Mehr агенттигине билдирди.
«Бул машыгуулар Ирандын демилгеси менен биринчи жолу өтүп жатат, бул үчүн кечээ россиялык кеме (СБ-45 – ред.) Ирандын аймактык сууларына кирип, координациялык кеңешме өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө машыгуулардын суу… этабы өтүп жатат», – деди Хасани.
Маалыматка ылайык, деңиз күчтөрү өрт өчүрүү, куткаруу иштерин камсыздоо жана жабыркагандарды тик учак менен жеткирүү, ошондой эле аба жана деңиз буталарына ок атуу боюнча машыгууларды өткөрүшүүдө.
ISNA агенттигинин маалыматына караганда, машыгууларга Ирандын деңиз күчтөүнүн деңиз жана аба бөлүмдөрү, анын ичинде “Пейкан”, “Жоушан”, “Дерафш” жана “Сепар” ракеталык кайыктары, эки Agusta-Bell AB212 тик учагы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз бөлүгү “Шахид Басир” катышат.
Машыгуулар Каспий деңизине чыгуу мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн байкоосунда өтөт, деп кошумчаланат маалыматта.















