Ушул жумада президент Садыр Жапаров маркумдарга эстелик коюуну, анын тегерегин тосуп алууну токтотуу боюнча кайрылуу жасады жана эски мүрзөлөрдүн ордун керектүү максатта иштетүү тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемеге тапшырма берди. Көзү өтүп кеткен адамдын сөөгү коюлган жерге эстелик тургузуу туурабы? Ислам дининде бул тууралуу эмне деп айтылат. Ушул маселенин тегерегинде дин аалымы Олжобай Алимбеков Фейсбуктагы барагына өз оюн төмөндөгүдөй жазган:
“Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштаймын.
Бүткүл ааламды жок жерден жараткан, ошонун буйругу менен таң атып да, күн баткан Алла Таалага чексиз шүгүрлөр жана мактоолор болсун.
Бизге туура жолду көрсөтүп, жашоосу баардык адамзатына өрнөк болгон, пайгамбарлардын төрөсү жана урматтуусу Мухаммад пайгамбарыбызга (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) салам жана дубалар болсун.
Орто Азияда эзелтеден элибизге Кудайдын шариятын ачыктап, түшүндүрүп келген, улуу ханафий аалымдарыбыздын кабырларга күмбөз куруу – Ахлу сунна жолундагы, Ханафий мазхабында берилген өкүмдөрүн ачыктап, өз тилибизде түшүндүрүп берүүнү туура көрдүм.
Биздин мазхаб башчыбыз имам Абу Ханифа ( Алла аны рахматына алсын) кабырларга күмбөз курууну макүрөө көрөт эле. Жөн гана бир белги койсо жетиштүү болот деген.
(Бадаиъ Ассанаиъ 1/320)
Улуу ханафий аалымы Имам Аттахавий айтты:
«Аллейс ( Алла аны рахматына алсын) айтты:
«Кабырларга күмбөз куруу – мусулмандардын үрп-адатынан эмес, балким, бул амал християндардын жоругунан…»». (Мухтасар ихтилаф Аль-уламаа 1/407). Демек, кабырларга күмбөз куруу – мусулмандардын амалдарынан эмес, балким башка диндегилердин амалдарынан экендиги ачык болду.
Улуу ханафий аалымы Аль-Касаний ( Алла аны рахматына алсын) айтты: «Кабыр – төөнүн өркөчүндөй, бир аз дөңсөө гана кылынат. Аны тегиздеп салбайт».
Имам Ибрахим Аннахаъиден баяндалат: Ага пайгамбарыбыздын ( Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) кабырын көргөн адам кабар берди дейт: Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) жана Абу Бакрдын ( Алла андан ыраазы болсун) жана Умардын ( Алла андан ыраазы болсун) кабырлары – жерден бир аз гана көтөрүлүп, төөнүн өркөчүндөй болуп турганын айтып берген.(Бадаиъ Ассанаиъ 1/320)
Имам Алкасаний ( Алла аны рахматына алсын) дагы айтты: «Кабырларга мрамор таштардан же ылайдан күмбөз куруу – арамга жакын макүрөө амалдардан. Себеби бул нерседен пайгамбарыбыз ( Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) тыйган».
Жаабирден ( Алла андан ыраазы болсун) баяндалат: «Пайгамбарыбыз ( Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) кабырларга күмбөз куруудан тыйды». (Сахих Муслим 1/407 ).
Мухит Аль-Бурхани китебинин автору Бурхан Аддин Аль-Бухарий Аль-Ханафий айтты: Бухара шейхтери айтышты:
«Кабыр – төөнүн өркөчүндөй, жерден бир карыш же андан бир аз көбүрөк эле көтөрүлөт.
Кабырдан казылып алынган топурак жетиштүү болот. Башка жактан топурак алып келбейт». (Аль-Мухит Аль-Бурханий 2/192.Залкар ханафий аалымы Мухаммад Махрус Аль-Ханафий төмөндөгү суроого мындай деп жооп берген:
Суроо: Кабырларды мрамор же баалуу таштар же цемент жана башка нерселер менен күмбөз куруунун өкүмү эмне?
Жооп:
Бул нерсенин баары күнөө, себеби, бул нерседен пайгамбарыбыз ( Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) тыйган. (Аль-Ийдоох ва Аль-Баян 1/227). Имам Ашшурунбулалий Аль-Ханафий айтты:
«Кабыр – жерден бир карыш гана көтөрүлүп, топурак үйүлөт. Кабырдан чыккан топуракка башка топурак кошуу макүрөө болот». (Миннату Аль-Фаттах (2/389).
Имам Ашшурунбулалий Аль-Ханафийдин сөзүнө, устазыбыз шейх доктор Салах Абу Аль-Хааж түшүндүрмө берип мындай дейт: «Бизде, Ханафийлерде, кабырдын үстүнө бир карыш же андан бир аз өйдөрөөк топурак үйүү – сүннөт болуп эсептелет. Ал төөнүн өркөчүндөй болот жана пайгамбарыбыздын ( Ага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун) берекелүү кабыры да мына ушундай».
(Миннату Аль-Фаттах (2/389).
Имам Ашшурнбулалий ( Алла аны рахматына алсын) айтты: «Сулуулук үчүн кабырга күмбөз куруу – арам болот».
Имам Шейхи Заада айтты: «Кабырдын баш жагына белги иретинде таш койсо жана ага бир нерсе жазса да дурус».
Бирок, кабыр ээсинин атын жазуу макүрөө.( Мажмаъ Анхаар 1/187).

Корутунду
1. Азыркы мезгилдегидей кабырларга күмбөздөрдү куруу – шариятка каршы келет.
2. Кабырдын үстүнө өзүнөн чыккан гана топурак үйүлөт.
3. Кабыр белгисиз болуп кетпөөсү үчүн бир белги койсо, шарият уруксат берет (таш же ушул сыяктуу башка бир нерсе).
4. Мезгил өтүп, кабыр эскиргенде, ал жерди иштетүүгө берүүгө ыңгайлуу болуусу үчүн, күмбөз куруу – дурус эмес.
5. Кабырларга кымбат баалуу таштар менен күмбөз куруу – ысырап болот.
6. Кымбат баалуу таштар менен күмбөз куруу – кабыр ээсине эч кандай пайда алып келбейт.
7. Кабырларга күмбөз куруу – мусулмандардын сыпаттарынан эмес.
8. Кабырларга сулуулап күмбөз куруу – арам.
9. Күмбөз курууга кеткен акчаны, кабыр ээсинин атынан кайрымдуулук кылуу – кабыр ээсине сооп ( пайдалуу ) болот.
10. Күмбөз курууну токтотуунун бирден-бир жолу – мамлекет башчысынын буйрук берүүсү. Адамдарга аны аткаруу милдеттүү болот.
Алимбеков Олжобай,
Бишкек шаары
11/07/2024.



















