Азыркы учурда ККМ киргизүүдөн улам базарлардын ижара акысынын кымбат экендиги айтылып, президент Садыр Жапаров эгер митингдер токтобосо, базарларды мамлекеттин карамагына өткөрүү маселесин көтөргөн. Бул багытта УКМК тарабынан да соода жайлары текшерилип, натыйжада көпчүлүк базар ээлери ижара акысын төмөндөтө тургандыгын билдиришүүдө. Бирок ижара акысы арзандагандан кийин товардын баасы да төмөндөш керекпи?
Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде коомдук ишмер, экономикалык серепчи Жумабаев Кенжебек Казакович менен баарлаштык.
(2-маек)
– Ошондо өкмөт ушул процесстердин жыйынтыгы менен тышкы карыздардын оор бөлүгүнөн кутулса болот турбайбы?
– Салык менен эле карыздан кутулуу деген абсурд. Карыздан кутулуш үчүн мамлекет бир команда болуп иштеш керек. Президенттин аркасындагы команда жакшы далалат кылып, ниетин түз коюп иштеп, астыга жылып жатканда министрликтеги структуралар менен кошо эл да туура түшүнүп жардам бериш керек. Жалпы команда, Президент же президенттин командасына коом өзү кошо жардам берип, 2030-жылга чейин карыздан кутулалы деген ниет менен саясий көз караштан алыс болуп, баарыбыз бирдикте чогуу далалат кылсак кутулабыз. Эгер бир бүтүндүккө келе албасак, кутулуш оор болот. Буга чейин канча айылдарга суу чыгардык, көпүрөлөр салынды, мына ошонун баары карыз болчу да…
– Жогоруда Сиз “базаркомдор абадан акча жасап келишкен” дедиңиз. Буга мыйзамдын негизинде чара көрсө болобу?
– Эмнеге болбосун… Токтоосуз түрдө кылмыш ишин козгош керек. Базар жетекчилерин баарын бүгүн текшерип, эртең камап койсо болот. Себеби, “договор выкупа права аренды” деген булардын бир мыйзамы бар. Сиз ижарачысыз. Сиз ошол жерди 30 миң долларга сатып алдыңыз. 30 миң доллар салыкка төлөнбөй, мамлекетке көрүнбөй, түз эле базар жетекчилигинин чөнтөгүнө түшкөн акча.
Салык кызматынан же башка жактан текшерип келсе “бул ижарада отурат” дейт. Сатып алган суммасын эч качан айтпайт. Бирок, контейнер Дордой, Аламүдүн, Ош, Орто-Сай базарларында канчага турганын баары эле билет. Бүт баарынын баасынын канча турарын билет соодагерлер.
Ошондуктан антимонополия, милиция, прокуартура, УКМК, салык, акимият, мэриядан тергөө тобун түзүп эле базарларга кирип, базар жетекчилеринин кабинеттерине ар бир контейнердин ээсин чакырып “Канчадан төлөп жатасың? Канчадан алдың? Эмнеге 20,30 миң долларга алдың? Эмне үчүн кайра эле ижара төлөп жатасың? “ десе эле маселенин чечилгени ошол. Бүт ачыкка чыгат. Ошол базар жетекчиси эки колун көтөрүп муниципалдык кызматка өз каалоосу менен өткөрүп берет.
Болгону муну ишке ашырыш керек. Эң жаманы, базарда иштеп жаткан соодагер кимге иштеп берип жатканын өзү билбейт. Ошол жерден он сом, он беш сом таап, бала-чакасын багып отурат. Тилекке каршы илгеркидей завод, фабрика жок. Баары базарга чыгып кеткен дагы, базаркомдордун көпчүлүгү ошол учурдан пайдаланып калышкан. Азыркы Жип менен жүргөн базаркомдор мамлекеттин жеринин үстүнө туруп алып, абадан акча жасап жатканы менен эч кимдин иши жок.
Миң соодагер бар жерде миң патенттин акчасы түштү беле? Жок. Алты жүз, жети жүз патент түшкөн. Бирок, миң контейнер иштеп турган. Демек, 300, 400 патенттин акчасын чөнтөккө салышкан.
– Бирок, муну жалгыз эле базаркомдор иш жүзүнө ашыра турган система эмес да. Жогорку бийлик аралашпаса кантип ишке ашышы мүмкүн?
– Албетте, бул турган сөз. Алардын “крышасы” бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште депутат болуп отурушат. Алар Жогорку Кеңешке чейин барышты. Депутаттардын аткаруу бийлигине көз каранды экендиктеринин себеби ушул жерде. Кабыл алынган мыйзамдар да ошон үчүн чалагайым. Коомдук талкууга коюлуптур дегенди угасың, болду. Анан эле пакет-пакет мыйзамдардын өтүп кеткенин угасың. Бул жерде көз карандылык бар. Мунун себеби, шайлоодон башталган. Ошондуктан депутаттардын аркасында калбыры барлар трибунада кыйкыра албайт. Калбыры жоктору кичине кыйкырып коёт. Калганы кнопка басып коюп отурат.
Эми ачык эле айта берейин, Мисалы “Беш-Сары” соода борбору “Кыял” базарынын жери болчу. “Кыял” базарынын жеринин көп бөлүгү мамлекеттики. Азыр “Беш- Сары” соода борбору салынган. “Беш Сары” соода борборунун ээси экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев экендигин элдин баары билет. Эмнесин жашыралы. Чындык ушундай да. “Берекет Гранд” соода борбору “Кыял” базарынын жери болчу убагында. Ага Болот Бегалиев “Берекет Гранд” соода борборун салып алды. Ага ким кандай жол менен уруксат берди? Эмне үчүн ошол жерде төрт-беш кабаттуу дүкөндөр пайда болду деп суроо салган киши болбой жатпайбы? Териштирсе чыгат да… Ошон үчүн жерди ревизия кылыш керек деп жатам.
– Эгер мамлекет базарларды Сиз айткандай ревизия кыла турган болсо, мамлекеттин эсебине алып коюуга укугу барбы?
– Биринчиден, берилген мөөнөтүнө караш керек. Экинчиден, мамлекет өзү соттошуш керек. Бул юридикалык териштирүүнүн негизинде ишке аша турган нерсе. Негизи биринчи кезекте муну мэрия өзү “бир убакта ушул жер мамлекеттин жери экен” деп сотко берип, жыйынтыгында бул ишти сот чечет.
Маектин биринчи бөлүгүн бул жерден окусаңыз болот
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.



















