2025-жылы Москвада чет элдик жумушчулар үчүн патенттин баасы 8,9 миң рублди түзөт, бул азыркы баадан 1,4 миң рублга кымбат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Сергей Собянин ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул чара мигранттар менен россиялык кызматкерлер үчүн иш берүүчүлөрдүн чыгымдарын теңдештирүү максатын көздөйт.
«Мигранттар биздин жарандарга салык жагынан салыштырмалуу акча төлөшү үчүн. Биз жарандарыбыздын ай сайын киреше салыгы которууларынан келип чыгып, аларды ушул категориядагы жумушчулар менен салыштырып жатабыз. Эреже катары, бул квалификациясы төмөн адамдар. Бүгүнкү күндө бизде патенттер үчүн ай сайын 7,5 миң рубль төлөнөт, чындыгында бул киреше салыгы боюнча аванс. 1-январдан тарта 8,9 миң рубль болот», – деди Собянин.
Собянин ошондой эле Москвада азыр 450 миңге жакын эмгек патенти берилгенин белгиледи;
Ошондой эле, 2025-жылдан тарта Орусия мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин ишке киргизүүнү пландоодо.
Жыл ичинде Орусиядан эки миллиондон ашык мигрант кеткен. Сентябрь айына карата Орусия Федерациясында 6,2 миллион чет элдик жаран катталган, былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүч 8,5 миллионго жеткен.
Буга чейин ММКлар Рамзан Кадыров Орусия Федерациясынын миграциялык саясатын катаалдаштырууну “инквизиция” деп атаганын жазган.



















