Кыргызстанда эми кылмышкерлерди колдоп, алардын жоопко тартылышын сындап жазгандар да жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин Чүй облусунун Жайыл райондук кайрадан оңдолгон кеңсесинин ачылыш аземинде билдирди:
“Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылгандыгыбызды кээ бирөөлөр ностальгия менен эстеп жатышат, ушулар жок болуп кетти, ушулар ушундай болуп жазага тартылып жатат деп, ошолорго болушкандай болуп сүйлөп, ошондой видеолорду чыгарып, аларды колдогондор чыгып жатат. Дагы бир жолу кайталап айтып коёюн. урматтуу кызматкерлер, мындан ары кылмышкерлерди эле эмес, кылмышкерлерди колдогондордун баарын жазалайбыз.
Кылмышкерлерди колдоп. кылмыштуулукту жогорку деңгээлге алып чыгып, кылмыштуулукту популяризайия кылгандарды, ошолорду өнүктүрүүгө аракет кылгандарды дагы биз жазалашыбыз керек.
Кылмыштуулук, уюшкан кылмыштуулук түп тамыры менен жок болушу керек. Биз өзүбүздүн кызматыбыз менен ушуга шарт түзүшүбүз керек.
Андан сырткары бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы тазалоону башташыбыз керек. Райондордо, облустарда, министрликтерде, мамлекеттик органдарда мамлекетке каршы иштеп, пайдасын тийгизбей, зыянын тийгизген кызматкерлер көп. Ошолордон тазаланышыбыз керек. Аларды жөн эле жумуштан бошотуп койбостон, кылмыш жоопкерчилигине тартышыбыз керек.
Кийинки мамлекеттик кызматкер мыйзам бузууга же болбосо мамлекетке зыян келтирүүгө эч качан багыт албаш керек”.
"Уюшкан кылмыштуу топторго болушуп сүйлөп жаткандар да чыгып жатат… Мындан ары УКТны түп тамыры менен жок кылабыз" – Камчыбек Ташиев 19 10 2023
Опубликовано Otkirbek Rakhmanov Четверг, 19 октября 2023 г.
Белгилей кетүүчү жагдай, 4-октябрда “Мыйзамдагы ууру” аталган кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) УКМК тарабынан жүргүзүлгөн операция учурунда жок кылынган. Андан кийин анын аймактардагы бир нече “көзөмөлчүлөрү” (“смотрящий”) ыктыярдуу түрдө кылмыш идеологиясынан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, бийликти колдой тургандыктары тууралуу кайрылууларды жасашкан.
Мындан тышкары УКМК тарабынан К. Асанбектин 1 млрд. долларга жакын кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү, 500 миң долларлык таза кандуу жылкылары аныкталып, мамлекетке өткөрүлө баштаган. Ал эми К. Асанбек менен кызматташкан, анын кылмыш дүйнөсүн колдоп, акчалай жардам берген бир нече мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын жетекчилери кармалууда.



















