Буюрса, Кыргызстандын чек ара маселелеринде эң татаал, эң чырлуу болуп, кан төгүлгөн апаат күндөргө жеткизген Тажикстан менен чек ара маселесине чекит коюлуп, бир жаңсыл болгону калды.
Негизинен тарыхта, практикада чек ара маселеси эки өлкө, эки тарап тең ичи ачышпай ыраазы болгондой чечилип келген эмес, саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен бир мунасага келүү аркылуу гана узак мезгилге, кылымдарга кебелбес чек ара болуп калчудай чечилип келген жол бар. Болбосо башка бир жол – аскердик иш-аракет, согуш. Анысын да көрдүк, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында да көрүп келе жатабыз, бул жол түпкүлүктүү болбойт, алыска барбайт. Бизге окшогон (тажик тарапка да тиешелүү) жаш, эми эгемендик алып, учурдагыдай тобокелчиликтер арбын оомал-төкмөл заманда өзү тандаган жолу менен бутка туруп, өнүгүүгө бет алган мамлекеттер токтобогон жаңжал, согуш жолу менен маселе чечкендей акыбалыбыз, шартыбыз, убактыбыз да жок, мүмкүн болсо ага жеткизбей чечип алганыбыз оң.
Эми кыргыз-тажик чек арасынын чечилишин айтсам, Баткенге көп барып, анын ичинде апаат күндөрү гумжардам алып барып, дурус эле билгеним менен баткенчи болуп, ал жерде жашап, алардын сезимдерин өз башыман өткөрбөгөндөн кийин өзгөчө билермандык кылбайын. Бирок Тажикстан менен узун чек ара тилкеси бар, 2021-2022 жылдары ок атышкан, 5-6 айылдын калың эли жапырт көчүрүлгөн жаңжалга чейин жеткен Чоң-Алай жергесинен болгон адам катары оюмду айта кетейин.
Чоң-Алай районунда кыргыз-тажик чек арасынын эки талуу жери – Алтын-Мазар жана Унжу-Булак деген участкалар да сүйлөшүүлөрдө кызуу талкууланып келген. Эки жер тең жалпы Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү элдин коопсуздугуна байланыштуу стратегиялык зор мааниге ээ участкалар болчу. Кесибиме байланыштуу мурдараак ичинен билип, санаа тартып, баамдап жүргөнүм менен, бир жаңсыл кыргыз тараптын, жергиликтүү элдин кызыкчылыгына төп келип чечилгени, утуш алып келгени бүгүн эми Жогорку Кеңеште ачыкталды. Бул үчүн албетте, өлкө жетекчилигибизге, Камчыбек Кыдыршаевич жетектеген чек ара боюнча сүйлөшүү тобуна ыраазы гана болуп, рахматымды айта алам.
Ал эми Баткендеги чек ара участкалары, анча-мынча жер алмашуулар аркылуу, суу боюнча мунасага келип чечилиши, ушу менен артка кылчайбай, кийинкиге калтырбай, келечекте жаңжалсыз жашоого, бирге тынчтыкта өнүгүп өсүүгө багытталган оор чечимдер деп кабыл алганыбыз оң. Бул үчүн буга чейин көрсөтүлбөй келген эбегейсиз эрк, жетиштүү болбогон чечкиндүүлүк талап кылынганын да унутпашыбыз керек. Андыктан бүгүн кабыл алынган чек ара боюнча оор чечимдердин оң-туурасын мезгил өтүп тарых өзү таразалайт.
Ал учурда өлкөбүз, аймактарыбыз тактап алган чек араларыбыздын алкагында тынчтыктан, кызматташуудан пайдаланып, кошуналардан артта калбай, өнүгүүгө далаалат кылышыбыз өзүбүздөн.
Өзгөчө чек ара аймактарга – Баткен облусунун, Чоң-Алай районунун стратегиялуу жайгашуусун, өнүгүү потенциалын эсепке алып, инвестиция тартып, өндүрүштү күчөтүп, коңшуларды суктантып, кызганткан аймактарга айландырышыбыз керек!
P.S. макала автордун ФБдагы барагынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди)























