Оштогу Төлөйкөн ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат.
Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасоого байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
Милициядан кошумчалашкандай, ооруканага жети жаран кайрылган, анын ичинде бир укук коргоо органынын кызматкери бар.
Мындан сырткары “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү автоунаанын терезелери талкалангандыгы боюнча нөөмөт бөлүмүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталган.
Белгилей кетсек, Ошто өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрүнүн финалында жаңжал чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.
Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.