Транспорт министрлиги ачылышы жылдырылган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолундагы Көк-Арт тоннелин акы төлөнө турган ыкмага өткөрүүнү сунуштады.
Мындай чара тоннелдин вентиляциясын, жарыгын жана жылытуусун каржылоо үчүн зарыл деп билдиришүүдө. Андан сырткары, көзөмөл-өткөрмө бекетин курууга баш-аягы 140 млн сом жумшалган. Ал жерде 36 кызматкер иштеп, алардын эмгек акысына айына 1 млн 365 миң сом сарпталат деп каралууда. Ошондо жылына 16 млн 380 миң сом коротулат. Ал эми Социалдык фондго чегерүүлөр, сый акы, райондук коэффициенттер бар.
Бул бекеттин электр энергиясына айына 51,2 миң сом, жылына 614,2 миң сом сарпталат деп эсептелген. Андан тышкары, аны интернет менен камсыз кылуу үчүн айына 8 миң 780 сом, жылына 105,4 миң сом кетет деп каралган.
Министрлик аталган жагдайларды, тоннелди кароо керектигин белгилеп, тоннелден өтүү үчүн акы алууну сунуштоодо.
Мекеменин маалыматына караганда, акы унаанын түрүнө жана мамлекеттик номери кайсы өлкөгө таандык экенине жараша болот. Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн номерлери үчүн — арзаныраак, башка мамлекеттердикине — кымбатыраак.
Тоннелден өтүү акысы төмөндөгүдөй сунушталууда:
• Жеңил унаалар – 100 сом, чет элдик номер тагылган жеңил унаалар – 200 сом;
• Сегизден ашык оруну бар эл ташыган, салмагы 3,5 тоннадан ашпаган унаалар жана салмагы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу унаалар – 250 сом, ушундай эле чет элдик номерлүү унаалар – 1000 сом;
• Сегизден ашык оруну бар эл ташыган, салмагы 5 тоннадан ашык унаалар жана салмагы 3,5 тоннадан ашык, бирок 12 тоннадан ашпаган жүк ташыган унаалар – 500 сом, ушундай эле чет элдик номерлүү унаалар – 1500 сом;
• Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар – 700 сом, ушундай эле чет элдик номерлүү унаалар – 3000 сом;
• Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар, салмагы 3,5 тоннадан ашык, бирок 10 тоннадан ашпаган чиркегичтер, комбайндар, салмагы 10 тоннадан ашкан чиркегичтер – 1000 сомдон, ушундай эле бирок чет элдик номерлүү унаалар – 5000 сом.
Азырынча бул демилге кайсы бир тараптап колдоо таба элек.
Көк-Арт тоннели Кыргызстандагы эң чоң жана узун тоннель болуп саналат. Анын узундугу 3890 метрди түзөт. Ал эми туурасы 10 метр: негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар үчүн каралган. Бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегиндеги Көк-Арт ашуусунда, Түндүк-Түштүк альтернативдик автоунаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман – Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан. Аны салууга 128,5 млн доллар кетет деп каралып, бирок кийин курулуш иштерине жалпы 136,3 млн доллар деп эсептелген.
Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун ушул жылдын жаз айларында пайдаланууга берүү пландалган. Бирок ал 2026-жылга калтырылды. Анын себебин Транспорт министрлиги аталган автожолдо кошумча 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө курула турганы менен түшүндүрдү. Мындай чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн көп жылдык (курулуш иштери башталгандан бери) илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынган.



















