Кыргызстанды бир нече жыл өзү түзгөн уюшкан кылмыштуу топ менен талап-тоноп келген маркум Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) бир миллиард долларга бааланган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн көрүп оозубуз ачылды эле. Бул ирет УКМК анын жарым миллиард долларлык таза кандуу асыл тукум жылкыларын таап, аларды мамлекеттин карамагына өткөрүп берди.
Алар:
– “Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң АКШ доллары;
– “Командор” англис породасы – баасы 100 миң АКШ доллары;
– “Раушан” англис породасы – 100 миң АКШ доллары;
– “Дончак” донской англис породасы – 100 миң АКШ доллары;
– “Кундуз” таза кандуу англис породасы – 50 миң АКШ доллары;
– “Байтал” таза кандуу англис жылкысы – 50 миң АКШ доллары;
– “Острый” – 15 миң АКШ доллары;
– Ошондой эле Р. Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К. Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ – баасы 5000 АКШ доллары.
Эми ушунун баары таза жол менен табылган байлыкпы? Кримимпериянын кулачы кандай экенин эми элестетип, жүрөгүбүз оозубузга кептелип жатат! Дал ошондуктан, бийликтин криминалга каршы күрөшүн колдоого алалы! Ал эми соцтармактар аркылуу” ал эле, бул эле К. Асанбек апийимдин гүлү эле”,- дегендерди кылмыштуу дүйнөнүн колдоочулары, мамлекеттин өнүгүшүнө жок эле дегенде кайдыгер көз караштагылар деп түшүнсөк гана туура болчудай.
























