Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
TRT Haber маалымдагандай, сүйлөшүү учурунда Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал, эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер талкууланды.
Президент Эрдоган Иран менен болгон ядролук талаш-тартышты чечүүнүн жалгыз жолу — бул сүйлөшүүлөр экенин баса белгилеп, Израилдин Иранга болгон чабуулу менен башталган кагылышуу процесси аймактык коопсуздукка болгон коркунучту эң жогорку деңгээлге жеткиргенин айтты.
Эрдоган өз сөзүндө, Израилдин чабуулдары түрткү болгон зомбулуктун айлампасынын кесепеттери аймак менен катар Европага да миграция жана ядролук заттардын чыгып кетүүсү өңдүү тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн экенин айтып өттү.
Ал Түркиянын жаңжалды токтотуу жана тынчтыкты камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын, жана бул аракеттер мындан ары да улантыларын билдирди.
















