Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ЭНЕ ТИЛДИ ЖЕРИБЕСЕК, ЭЧ КАЧАН КЕМ БОЛБОЙБУЗ

  • Интервью
  • 01.11.2025 14:29

Loading

Бул ирет аңгемелешүүгө белгилүү адабиятчы, кыргыз жана орус тилдеринде мыкты жазган публицист, стилист редактор Жолдош ТУРДУБАЕВди чакырдык.

– Өткөн жылы Жогорку Кеңеште бир депутат сиздин Москвада Кумтөр кенине байланыштуу соттон 142 млн долларды Кыргызстанга кайтарып бергендигиңизди айтты эле. Ошол окуянын таржымалын баяндап берсеңиз.

– Кайсы депутат качан айткан экен, укпай калыптырмын. Ким болсо да, эске алганына рахмат. Бирок бул ишти жакшы бир команда аткарганын тактап коюу керек. Улан жана Анвар аттуу юрист жигиттер иштегени эсимде. Тилчилерден Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Замира ДЕРБИШЕВА, Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Жийдегүл СЕМЕНОВА, Жогорку Кеңештин тажрыйбалуу котормочусу Жумагүл КАРАГУЛОВА жана дагы бир катар адистер иштеген.

Тема боюнча

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026

Мурдагы жылы (2014) чет өлкөлүк бир нече компания доо коюп, Кыргызстандын Өкмөтүн улам эле бири утуп, миллиондогон долларлык доого жыкканда катуу ызы-чуу болбоду беле. Көрсө, алар мындай талашты караганга укугу жок арбитраж аркылуу уткан экен. Биздин “Чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө” мыйзамдын 18-беренесинин б) пунктун теңирден тескери чечмелеп, б.а. пикир келишпестиктер пайда болгондо каалагандай арбитражда териштирсе болот деп карөзгөйлүк кылышыптыр. Ошол пункттун орусчасы “арбитраж или ….” деп башталган да, талашты кайсы соттордо (арбитраж, трибуналдарда) кароого болору атоочтук түрмөк (причастный оборот) менен такталган (конкреттештирилген).

Орус тилинин синтаксиси боюнча атоочтук түрмөк ушундай ирет менен түзүлөт: көбүнчө (дээрлик дайым) аныкталуучу сөз баш жагында жазылат да, аны конкреттештирген атоочтук түрмөк үтүрдөн кийин келет:

“2. При отсутствии такого соглашения инвестиционный спор … рассмотреть спор в соответствии с одной из следующих процедур путем обращения:

…. б) в арбитраж или международный временный арбитражный трибунал (коммерческий суд), созданный в соответствии с арбитражными правилами Комиссии Организации Объединенных Наций по Международному торговому праву”.

Мында атоочтук түрмөк “созданный” деген сөздөн башталган. Стилистикалык жактан бир аз оордугун гана айтпаганда, грамматикалык, логикалык жактан бул текстте биздин кызыкчылыкка каршы келгидей эч нерсе жок. Мыйзамдын кыргыз тилиндеги текстинде башка стилистикалык, грамматикалык мүчүлүштүктөрү бар экен, бирок дал ошол талашка тиешелүү беренеси сабаттуу эле жазылыптыр. Ошентип, мыйзамдын чет өлкөлүктөр өздөрүнүн пайдасы үчүн бурмалап кетүүгө аракеттенген келкисинин мамлекеттик тилдеги вариантында пикир келишпестик жаралса, “каалагандай” эле арбитражга эмес, “Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн арбитражга же эл аралык убактылуу арбитраждык трибуналга (коммерциялык сот)” кайрылууга болору анык жазылган.
Адегенде Өкмөттүн алдындагы юридикалык мекеменин кызматкерлери чакырганда биздин илимий даражалуу бир катар филологдор мыйзамдын талашка тиешелүү келкисинин кыргызчасы гана биз түшүнгөн мааниде экен деп жаткан эле. Мен эки варианттын тең мааниси толугу менен дал келет, орусчасында деле сөз конкреттүү, БУУнун эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн арбитраж жөнүндө жүрүп жатат дедим. Анча-мынча талашкан соң, көпчүлүк кийинки ойду туура деп тапты.

Дагы бир таң калыштуу жагдай: филология илимдеринин кандидаты деген илимий наамы бар кыргызстандык бир тилчи ошол келкинин кыргызчасын да орусчасынын доочулар бурмалаган “маанисине” зордоп дал келтирген корутунду жазып бериптир! Бул кайсы билерман десем, көрсө, мындан (2016-жылдан) беш-алты жыл мурун орусчадан кыргызчага которгон көлөмдүү тексти менин колумдан өткөн бирөө экен. Компьютерде алымча-кошумчаларды үтүр, чекитине чейин көрсөтө турган программа бар, текст редакциялаганда ошого салып иштейм. Оңдолбогон бир да сүйлөмү жок, айрым абзацтарын толугу менен кайрадан оодарышка туура келген “котормосу” жумуштагы компьютеримде ошондогу датасы менен сакталып калыптыр. Тигилердин “экспертинин” чыныгы деңгээли канчалык төмөн экендигин далилдегенге абдан сонун документ табылды!

Албетте, тигилер жалдаган “эксперт” кыргыз тилин начар билгендиктен эмес (начар билери далилденди, бул башка кеп), ниети бузуктугунан чындыкты атайылап бурмалаган эле. Муну далилдеш үчүн филологиялык жогорку билимдин деле кереги жок, анткени кыргыз тилинде аныкталуучу сөз атоочтук түрмөктүн аягына келет.

Ушул жерден бир тезиске басым жасай кетейин. Орус адабий тили абдан өнүккөн, өтө бай, мүмкүнчүлүктөрү зор экендиги талашсыз. Бирок айрым учурларда кыргыз тилинин каражаттары ойду орусчадагыдан да ийкемдүү, так берүүгө жарайт. Мунун юридикалык тексттеги мисалын ушул мыйзамдын эки тилдеги варианттары тастыктап турат: кыргызчасын ачакей чечмелегенге такыр жол жок, орусчасына тескери маани берилип калышы да ыктымал (эгер сот калыстыктан тайса).

Адабий тилде биз чымчык конду, бала ордуна отурду, жоокерлер атка минди деп үч башкача айтабыз. Орусчасын карачы: “Птичка села на ветку. Мальчик сел на стул. Воины сели на коней”. Кыргызча калың же жука катмар (тактай, китеп), жоон же ичке жип (түтүк), дейбиз, орусча “толстый (тонкий) слой, толстая (тонкая) книга, труба, нитка” делет. Дарбыз тоголок, нан тегерек – “арбуз круглый, лепешка круглая”.

Айтайын дегеним, биз эч качан эне тилибизден баш тартпашыбыз керек. Кыргыз тилинин ажайып мүмкүнчүлүктөрүн, али жетиштүү көрүнө элек дареметин ачып, дүйнөлүк тилдердин эч биринен калышпагыдай кылып өнүктүрүшүбүз керек. Азыркы маалымат технологиясына таянып, ырааттуу иштесек, мамлекетте тил саясатын сабаттуу жүргүзсөк, буга толугу менен жетише алабыз.

Ырас, лингвистикалык экспертиза корутундусунун акыркы редакциясында мыйзамдын орусчасы логикалык маанисине карабай формалдуу түрдө башкача чечмеленип кетиши да ыктымал экендигин эске алып, мамлекеттик тилдеги текст негизги мааниге ээ деген тезиске басым жасадык. Москвага барганда биздин юристтерге ММУда (МГУда) иштеген профессор жердешибиз Марклен Конурбаев да ушул жагын эле бекем кармасаңар жетишет деген болчу. Бирок сотто тиги тараптын юристтери бизди көргөндө тайсалдап, кыргыз тили боюнча адисти өзүбүз да чакыралы дегенде, судья ишти кароону кийинкиге калтырды.

Юристтерибиз ал ортодо бизден лингвистикалык корутундуну дагы да жеткире ойлонуштургула деп өтүнгөн эле. Мен мыйзамдын тийиштүү келкиси орусча мамлекеттик тилдегидей эле мааниде экендигин тастыктаган теориялык жоболорду өздүк китепканамдан жана интернеттеги адабияттардан таап, ЖОЖдор үчүн жазылган окуу китептерден, Россия Федерациясынын ченемдик-укуктук актыларынан мисалдарды камдап койдум. Айтмакчы, орус тилинин синтаксиси боюнча адабияттарды казып жүрүп студент кезде биз колдонгон бир жакшы окуу китептин айрым жерлерин азыркы авторлор уурдап алганын байкадым.

Кыргыз Өкмөтүн доого жыкмакчы болгондор Инвестициялар жөнүндөгү эл аралык конвенциянын да тийиштүү беренесин бурмалашка аракет кылган. Конвенциянын ошол беренеси кандай конкреттештирилерин Россиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Молдованын да инвестициялар жөнүндөгү мыйзамдарынын тийиштүү беренелеринен карап чыктым – баарында биздин мыйзамдын кыргызчасындагыдай тактаган мазмун камтылыптыр, б.а. бул деңгээлдеги талаштарды “каалагандай” арбитраж чече албастыгы айдан ачык көрүнүп турат. Ушул жүйө, далилдердин баарын биздин тизмектеп жазып, юристтердин электрондук почтасына жибергенмин. Булар процессте колдонулдубу, жокпу, билбейм, анткени экинчи ирет процесске биз эмес, профессор Замира Дербишева барып катышты. Кантсе да биздин биргелешип түзгөн лингвистикалык корутундубуз Кыргызстанга жалпысынан 142 млн долларлык доо койгон үч башка тараптын таянган негизги жүйөсүн жокко чыгаргандыгы анык.

– Мындай чоң доодон куткарууга кошкон салымыңыздарды Өкмөт кандай баалады?

– Өкмөттөн лингвистикалык корутунду жазууга катышкандардын ар биринин иштеген жерине: “сиздердин кызматкердин берген корутундусу сотто чечүүчү роль ойноду” деген маанидеги жекече алкыш кат жиберилиптир. Ошонусуна да рахмат. Мен кандайдыр бир сыйлык алам, пайда көрөм деп ойлобой эле ушул ишке катышып калган тагдырыма ыраазымын. Аз болсо да элге керегим тийгенине сүйүнөм.

– Бир кезде залкар жазуучу Ч. Айтматовго россиялык бир адабиятчы асылганда, сиз ага татыктуу жооп кайтарган элеңиз. Ошол окуя тууралуу да айтып өтсөңүз.

– 1995-жылы “Наш современник” журналына Владимир Бондаренко аттуу автордун шовинисттик маанайдагы макаласы чыккан. Кеп жазуучуну коргоодо эмес, ал буга муктаж деле болбогон. Чыңгыз Айтматовго кимдер гана сын такпады, азыр дагы канчасы жүрөт. Алардын көпчүлүгү көңүл бурганга арзыбайт. Гоголдун Собакевичиндей болгон кайдагы бир бузукунун куру кыйкырыгы дүйнөлүк жазуучунун беделине тырмактай да зыян келтире албайт. Кеп Айтматовго асылуу аркылуу орус эместерди кемсинтүүгө, улут аралык кастыкты күчөтүүгө жанталашкан шовинисттин чагымчылыгында. Ошол макаланы көрүп калган өзүбүздүн эле кыргыздар “Кыргыз маданияты” гезитине көчүрүп чыгарганы уят иш болгон.

Бондаренконун макаласын окуганда ушунчалык ачуулангандыктан, ага катыра жооп бериш керек деп чечтим. Жаза баштаган тезистеримди айтмакчы болуп илимий жетекчим раматылык Кеңешбек Асаналиевге барсам, ооз ачтырбай койду, мен да жазып жатам, бири-бирибизге таасир этип койбош үчүн идеяларды ортого салбай коё туралы деп. “Кто он, ‘современник-родственник’?” деген аталыштагы макалам “Кутбилим” гезитине чыкты. Ошол арада “Манас” эпосунун миң жылдык мааракесине Чыңгыз Айтматов Бельгиядан учуп келип, бул гезитти окуп, абдан ыраазы болгон экен. Дагы бир жума өткөндө К.Асаналиевдин “Не Шекспир главное, а примечания к нему” деген көлөмдүү, мазмуну терең, ар бир сөзү бутага таамай тийген макаласы жарык көрдү. Ошондо мен жазуу стилимде кандай кемчиликтер бар экенин даана байкадым, залкар сынчынын талантына, илимий камылгасына тан бердим.

– Сиз тээ алыскы Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп өскөнсүз. Орус тилин кантип мыкты билип калдыңыз?

– Дароо эле айтып коёюн: орус тилин менден да жакшы билген кыргыздар бар. Бирок эки тилде бирдей эркин жаза алгандар аз. Башында кыргыз тили жана адабияты факультетин тандаган элем. (Мектепте адабият сабагынан окуткан Боронов Дөөлөтбек агай менин чыгармачылыкка кызыгуумду байкаган окшойт, дилбаянды көп жаздырчу.) Тажикстандык кыргыздар үчүн Ош пединститунун филология факультетинен үч орун ажыратылчу эле. Кирүү экзамендерин жергеталдык жана мургаптык мугалимдер Душанбеде алып, тандалган абитуриенттерди Кыргызстанга жиберип коюшчу. Бирок биздин агайлар менин бааларымды атайылап төмөндөтүп, район чоңдорунун жана байлардын балдарын өткөрүштү. Айтмакчы, ошолордун эч кимиси окуусун бүткөн жок.

Дагы эки жылдан кийин бир тор баштыкка китеп, дептерлеримди, экинчисине токоч ж.б. салып алып Фрунзеге келдим, университеттин филфагына тапшырдым. Айылдашыбыз, кудабыздын бир тууган карындашы Гүлбара Орозова эже профессор Киреше Иманалиевге ээрчитип барайын, атамдын атынан салам айтсаң эле окууга өтөсүң деди. (Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, илимге эмгек сиңирген ишмер Гүлбара Орозова 2017-жылы докторлук диссертациясын жактаган.) К. Иманалиев фольклордук экспедицияны жетектеп Жерге-Талга барганда, биздин чоң кудабыз Жалал Орозовдун сыйын көрүп, жайлоолорубузду да кыдырып, дос болуп калышкан экен. Мен үйдөн жөнөп чыкканда батасын алсам болмок экен, эми аксакал кишинин атын саткандай болуп калам деп көнбөй койдум. Гүлбара эже: “Атам укса менин атымдан досума салам айтып барыптыр деп тескерисинче сүйүнөт, бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба”, – деди. Бирок мен көшөрүп туруп алдым. “Анда өз убалың өзүңө, азыр баары эле тааныш менен өтүп жатпайбы, эми бекер убара болосуң”, – деп жемеледи. Айткандай эле, дилбаяндан (сочинениеден) “2” алып, Тажикстанга кайтып кеттим. Бир-эки жума үйүндө алып жүрүп, кийин университеттин жатаканасынан орун алып беришкен Гүлбара эже менен анын жубайы Абдыганы Халиловдун жакшылыгын эч качан унутпайм. Бирок ошондо кыргыз филология факультетине өтпөй калганым жакшы эле болгон экен.

“Орто Азияда өз күчүң менен окууга өтүү мүмкүн эмес, орус тилинен даярданып, борбордук ЖОЖ аркылуу тапшырып көрчү”, – деп жердешим, ошол кезде райондук гезитте иштеген журналист, жазуучу Мирзохалим Каримов кеңеш берди. Бизде орус тилинен мугалимдерибиз негизинен ыр жаттатуу менен эле чектелчү, кийин билсем, алар методикадан өтө начар болгон экен. 4-класстан баштап орус тили, адабиятына тиешелүү кыргыз жана тажик мектептери үчүн чыгарылган окуу китептердин баарын алып, кыш бою грамматиканы конспектиледим. Ар бир тема боюнча бир-экиден көнүгүү аткардым. Орус адабияты боюнча да бир калың дептерге конспект түзүп чыктым.

Тилди ыкчам үйрөнүү ыкмасы жөнүндө райондук гезиттен окуган элем, ошону колдондум. Бир тексттин эки тилдегисин салыштырып окусаң, ар бир сөздүн түркүн формаларын контекстке карай айырмалануучу маанилери менен өздөштүрүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Т.Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романын кыргызча бир күндө эле бүтүргөн болсом, Лениндин “Мамлекет жана революция” деген жупкадай китебин эки тилде салыштырып, бир жума бою окудум. Биринчи жолу кездешкенде айрым сөздөр бүдөмүк түшүнүлөт, бирок улам кийинкилеринде мааниси дааналана берет. Анан Пушкиндин прозасын, Нодар Думбадзенин повесть, романдарын орус тилинде эле окудум. 48 барактуу дептерди сөздүк кылып толтурдум. Түшүнбөгөн сөздөрүмдү тизмелеп, текстте бир нече ирет кездешкенде деле мааниси бүдөмүк бойдон кала бергендерин кошуна айылга каттап иштеген орус тилчи мугалим Шароф Тешебаевден сурачумун. Жоголгон аттестатымды жаӊыдан алуу үчүн республикалык орус тилиндеги гезитке ал жарыя жазып бергенин да унутпайм.

Ошентип, 1985-жылы Куйбышев (азыркы Самара) шаарындагы пединституттун орус тили жана адабияты факультетине борбордук ЖОЖ (центральные ВУЗы) тутуму аркылуу тапшырдым. Өмүрүмдө орусча сүйлөп көрбөгөндүктөн, басымды (ударение) ж.б. орфоэпиялык эрежелерди сактачу эмесмин. Мисалы, “кОтОрый”, “пОтОму Что” деп чулдураганымды Душанбе, Ленинабад ж.б. шаарларынан барган өзбек балдар туурап күлүп жүрүштү. Кышкы сессияда окутуучулар мага сынактардын баарынан автомат түрүндө “5” коюп беришти. 2-курстан баштап А.Н.Гвоздев атындагы стипендияга жеттим. Жалаң “бешке” окугандар 83, мен 85 сом алчумун. Ошондуктан 3-курста деканатка кирип, бул стипендияны биринчи курстагыларга эле ыйгаргыла, аларга түрткү болот, мен 83 сом алсам деле баары бир жакшы окуй берем дедим. Ошол айдан тартып мага Лев Толстой атындагы 110 сомдук стипендия берип калышты. Студенттик жылдарымдагы эң урунтуу, жаштарга сабак болгудай окуяларды баяндасам өзүнчө эле китеп жазылат го. Азырынча институтту кызыл диплом менен аяктаганымды, бизге эмес, орус бөлүмүндө лекция окуган профессор Н.И.Бодрова өз колу менен аспирантурага жолдомо жазып бергенин, сөзсүз түрдө илимге бар деп үгүттөгөнүн эле айтсам жетиштүү.

– Жогорку окуу жайды аяктагандан кийинки жылдарыңыз жөнүндө да айтып бериңизчи?

– Жерге-Талда эки жыл мектепте иштедим да, 1992-жылы Бишкекке келип, Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана искусство институтуна келдим. Инфляция катуу жүргөн ошол кезде аспиранттын стипендиясы бир жумалык нанга араң жетчү. Ошондуктан мектепте орус класстарга кыргыз тилинен сабак берип жүрүп, окуу китеп жаздым. Кийин гезиттерге көбүрөөк жазып, анча-мынча таанылган соң, “Кутбилим” гезитине Кубат Чекировдун чакыруусу менен келип, ошондон бери бул жерде иштеп калдым.

Котормочулук менен да алектенип калдым, 2003-жылдан бери бул кесипке убактымдын көбүн жумшап жатам. Акыркы жылдары “Азаттык” радиосунун сайтына да макалаларым жарыяланып келет. Бул жылдар аралыгында баштан өткөргөн окуяларды убагы келгенде эскерүү китеп кылып жазам го. Кыргыз адабияты, тили боюнча бир топ идеяларым бар, ишке ашыра алсам, арманым калбас эле.

Жолдош Турдубаев деген ким?
(2016-жылдагы маалымат)

Билим берүүнүн отличниги, адабиятчы, публицист, “Кутбилим” гезитинин илим бөлүмүнүн редактору. Кыргызстандын учурдагы абалын жана келечегин ойлоп, коомдогу эң орчундуу маселелерди терең талдап, оригиналдуу идеяларын кыргыз жана орус тилдеринде жазып жүргөн мыкты публицист, тилдик туюму күчтүү, стили жетик, ой жүгүртүүсү кенен, илимий камылгалуу адис.

Журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип, 2007-жылы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон. 2013-жылы Прогрессивдүү демилгелер фондунун “Акыл тирек” сыйлыгын алган.

https://www.facebook.com/share/p/1ZaoqYi4av/

Маектешкен Эмилбек Момунов

(16.04.2016. “Кабардын” сайтында сакталбаптыр)

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Президент Эрдоган Газадагы кырдаалга байланыштуу мусулман дүйнөсүн Израилге болгон басымды күчөтүүгө чакырды

Президент Эрдоган Газадагы кырдаалга байланыштуу мусулман дүйнөсүн Израилге болгон басымды күчөтүүгө чакырды

18.11.2026
Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

Ушаков Путин менен Трамп жолугушуунун форматына карабастан толук кандуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирди

18.11.2026
Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

18.11.2026
Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.