Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттардын 17,6 миллион сомдук эмгек акысын өндүрүп берди. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
“2024-жылдын төрт айында 451 кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төлөнбөгөн эмгек акылары боюнча кайрылган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 267 кыргызстандыкка кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 17 660 200 рублди түзгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүк эмгек келишиминин жоктугу кызматкердин эмгек укуктарын, анын ичинде эмгек акы алуу укугун коргоодо олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн экенин эскертти.
Министрлик эмгек акы төлөнбөгөн учурда, өндүрүштүк травмадан улам ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана башка компенсациялар үчүн Россияда жүргөн кыргызстандыктар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаары боюнча өкүлчүлүгүнө кайрылса болорун билдирди.
Дареги: Москва ш, Малая Поляна көч, 7 үй, 5 – корпус, тел.: 8 495 197 76 71; +7 925 030 26 27 (whatsapp).
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвада өзүнүн өкүлчүлүгүн 2022-жылы күзүндө ачкан. Өкүлчүлүк Россиядагы кыргызстандыктарга миграция маселелери жана жарандардын мыйзамдуу ишке орношуусуна көмөк көрсөтүп келет. Мындан ташкары, эмгек акысын ала албаган жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо иштери менен дагы алектенет.
Расмий маалыматка ылайык, Россияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Россия дагы деле кыргызстандык мигранттар эң көп агылган биринчи өлкө болуп, андан кийин эле Түркия мамлекети турат. Соңку кезде кыргызстандык мигранттар Европа өлкөлөрүнө да көп кетип жатат.


















