Израилдин Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясындагы Минаб районуна жасаган кол салуусунан каза болгон окуучулардын саны 24кө жетти.
Бул тууралуу Минаб округунун губернатору билдиргенин Tasnim агенттиги маалымдады.
Маалыматка карагнда, Израил Хормозган провинциясындагы кыздар окуган башталгыч “Шаджаре Тайебе” мектебине кол салган.
Буга чейин чабуулдан кеминде беш окуучу каза болгону кабарланган.
Бул Иран тарап билдирген алгачкы курмандыктар.
Бүгүн, 28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштаганын билдирди.
Анын алдында, бир нече саат мурда Израил Иранга “алдын алуучу сокку” урганын жарыялаган.
Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.
Иран ЖМКлары чабуулдар Тегерандагы Ирандын Чалгындоо министрлигине, Коргоо министрлигине, Жогорку лидердин кеңсесине, Атомдук энергия боюнча агенттигине жана “Парчин” аскердик комплексине жасалгандыгын маалымдашты.
Иран кол салууга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду. Ирандын баллистикалык ракеталарынын биринчи толкуну учурулгандан кийин Израилде сиреналар жаңырды. Иран ЖМКлары Израилге карай 30га жакын ракета атылганын кабарлашты.
Мындан тышкары, Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы базаларына ракеталык сокку урууда.
Чабуулга Катардагы Аль-Удейд аба базасы, Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун базасы, БАЭдеги Аль-Дафра аба базасы жана Кувейттеги Аль-Салем аба базасы дуушар болду.



















