Израиль 19-январь кечинде ХАМАС менен жетишилген келишимдин алкагында, Газа тилкесиндеги барымтадагы израилдик үч жарандын ордуна Офер абагындагы 90 палестиналыкты бошотту.
Бул тууралуу палестиналык булактарга таянуу менен Al Jazeera телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, палестиналык туткундар отурган автобустар Батыш жээктеги Рамалланын батыш тарабындагы Бейтуния шаарына келди.

Бошотулган палестиналыктардын арасында Батыш жээктин 78 тургуну жана Чыгыш Иерусалимдин 12 жашоочусу бар. Алардын ичинен 69у аялдар, (бирөө жашы жете элек кыз), 8и жашы жете элек эркек балдар, 12си чоң эркек киши. Алар жеңил кылмыштар үчүн соттолгондор.
ХАМАС өз кезегинде барымтадагы израилдик үч аялды (Роми Гонен (24 жашта), Эмили Дамари (28 жашта) жана Дорон Штайнбрехер (31 жашта) Эл аралык Кызыл Крест комитетине өткөрүп берди.

Израилдин армиясы Эл аралык Кызыл Крест комитети барымтадагыларды израилдик аскерлерге өткөрүп бергенин, андан соң кыздар Израилдин аймагына келгенин билдирди.
Израиль менен ХАМАС тобунун ортосундагы ок атышууну токтотууну жана барымтадагыларды бошотууну көздөгөн жаңы келишим АКШ, Египет жана Катардыг ортомчулуг менен 19-январда күчүнө кирген.
Аны ишке ашыруу үч этаптан турат. Биринчиси 42 күнгө эсептелген. Бул убакыттын ичинде ок атышпоо режими күчүнө кирет жана Израилдин аскерлери тилкенин эң жыш жайгашкан аймактарынан чыгып, анклавдын чек араларына чегинишет. ХАМАС барымтадагы 33 израилдикти, анын ичинде аялдарды жана улгайган жарандарды, Израил болсо 1890 палестиналык туткунду бошотот.
















