Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеранда ливандык “Амаль” кыймылынын өкүлү Салах Фасс менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Аракчи маектешине Израиль режиминин баскынчылыгына каршы каршылык көрсөтүүнү колдоо боюнча Иран Ислам Республикасынын принципиалдуу саясаты улантыла берерин баса белгиледи.
Бул жолугушууда Салах Фасс Аракчиге Ливан парламентинин спикери Набих Берринин жана “Амаль” кыймылынын башчысынын Ирандын тышкы иштер министри болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоосун жеткирип, ага ийгиликтерди каалады.
Аракчи Набих Берриге куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ага ысык салам жолдоду.
Ал Набих Берринин каршылык көрсөтүүнү колдоосун жана анын саясий позициясын, “Амаль” кыймылынын израилдик режимдин Ливандагы агрессиясына каршы күрөштө “Хезболла” менен бирге болушун жана Палестина менен Газаны колдоосун жогору баалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ошондой эле Ливандагы жана аймактагы акыркы абалдар талкууланып, пикир алмашуу болду.
Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал 2023-жылдын октябрында Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операцияларын баштагандан кийин курчуп кеткен. Андан бери Израиль армиясы менен ливандык “Хезболланын” күчтөрү чек арадагы аймактарда бири-биринин позицияларын күн сайын аткылашууда.
Ливандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин аткылоосунан улам Ливандын түштүгүндө 100 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Израилдик тарап Израилдин түндүгүндөгү 80 миңге жакын жашоочу ушундай эле кырдаалга кабылганын билдирген.















