Тегеран Ереван менен Бакуну тынчтык келишимине кол коюуга чакырат.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи 25-мартта Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында Армения Республикасынын Улуттук чогулушунун төрагасы Ален Симонян менен жолугушуусунда билдирди.
Аракчи Азербайжан менен Арменияны тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишиминин долбоорун иштеп чыккандыгы үчүн куттуктап, тараптарды Түштүк Кавказда бекем тынчтык жана коопсуздукту түзүү үчүн зарыл негизди камсыз кылуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк бул келишимге кол коюуга чакырды.
13-мартта Армениянын Тышкы иштер министрлиги Ереван менен Баку тынчтык келишиминин тексти боюнча макулдашып, сүйлөшүү процессин аяктаганын кабарлаган. Ереван документке кол коюунун орду жана датасы боюнча Бакудан сунуштарды күтүп жатышканын билдирген.
Ален Симонян дос өлкө Иран менен өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген эки тараптуу мамилелер Армения үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы өз кезегинде Армениянын Улуттук чогулушунун төрагасына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Арменияга болгон иш сапарынан абдан таасирленгендигин белгиледи.
Симонян Иран Ислам Республикасын аймактык өнүгүүлөргө карата принципиалдуу жана логикалык позициялары жана эки тараптуу мамилелерде жакшы коңшулукка негизделген мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын жүрүм-туруму жана позициясы Армения өкмөтү жана коомдук пикир тарабынан жогору бааланганын билдирди.
Ал ошондой эле эки тараптуу мамилелерде түзүлгөн бекем негиздерге жана Иран менен Армениянын мамилесинин шайкештигине токтолуп, экономикалык жана соода тармактарында жана транспорт коридорлорунда кызматташтыкты бекемдөө үчүн эки өлкөнүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чакырды.
Ирандын ТИМ башчысы өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы урмат-сыйга жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген достук мамилелерди абдан баалуу деп эсептеп, эки элдин ортосундагы ар түрдүү жана көптөгөн тарыхый, маданий жана цивилизациялык байланыштарга, ошондой эле көптөгөн аймактык жана эл аралык маселелер боюнча көз караштардын дал келгендигине токтолуп, Иран Ислам Республикасынын эки өлкөнү кызыктырган бардык чөйрөлөрдө мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын баса белгиледи.
Аракчи эки өлкөнүн ортосундагы парламенттик алакалардын маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ар кандай саясий, экономикалык жана эл аралык чөйрөлөрдөгү мамилелерин өнүктүрүү үчүн парламенттик дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чакырды.
Ал ошондой эле мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендүүлүгүн урматтоо жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерде күч колдонуудан баш тартуу боюнча эл аралык укуктун принциптерин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын сактоо зарылчылыгы боюнча Ирандын принципиалдуу позициясына токтолуп, талаш-тартыштарды чечүү үчүн бардык өлкөлөрдүн диалогду жана дипломатияны карманышын маанилүү деди.
Андан тышкары, тараптар Батыш Азия чөлкөмүндөгү окуялар жана израилдик режимдин Ливан менен Сирияга каршы агрессиясын улантуудан улам туруксуздуктун күчөшү, ошондой эле Газадагы коргоосуз адамдардын өлтүрүлүшү талкуулап, пикир алмашышты.
















