Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандын ракеталары АКШнын бардык аскердик кемелерин чөктүрүүгө даяр

  • Батыш Азия
  • 16.04.2026 16:50

Loading

Иран Ислам революциясынын лидеринин аскердик кеңешчи Ирандын куралдуу күчтөрүнүн ракеталык орнотмолору америкалык аскер кемелерине сокку урууга жана алардын бардыгын чөктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Шаршемби күнү телемаегинде Мохсен Резаи — Ирандын Максатка ылайыктуулук кеңешинин мүчөсү жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) мурдагы командачысы — душмандарга басымды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Басым күчөшү керек. Биздин ракеталык орнотмолор аскер кемелерине багытталган жана биз алардын баарын чөктүрөбүз», — деди ал.

Тема боюнча

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026

АКШнын Иранга каршы деңиз блокадасын киргизүү аракеттерине токтолуп, ал бул план сөзсүз ийгиликсиз болорун кошумчалады.

«АКШ Ормуз кысыгын ачуу аракетинде тарыхый жеңилүүгө учурагандай эле, деңиз блокадасын бузууга болгон аракетинде да ийгиликке жетпейт», — деп баса белгиледи Резаи.

Ал Ирандын куралдуу күчтөрү АКШга деңиз блокадасын ишке ашырууга эч качан жол бербей турганын жана каршы турууга «маанилүү рычагдары» бар экенин айтты.

Жогорку даражалуу ирандык расмий өкүл америкалыктар Израиль менен биргеликте февралдын аягында баштаган согушту токтотуу планы жок экенин да белгиледи.

«Алардын акыркы планы боюнча, америкалыктар Исфахан шаарына десант түшүрүп, биздин уранды басып алууну көздөшкөн, бул аларга өздөрүн мактоого негиз болмок», — деп кошумчалады ал.

28-февралда АКШ менен Израилдин мыйзамсыз агрессивдүү согушунан кийин Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүнө чектөө киргизген.

Өткөн дем алышта Дональд Трамптын администрациясы Перс булуңунда жана Оман деңизинде иран портторуна блокада киргизилгенин жарыялады. АКШнын аскерлери блокада дүйшөмбү күнү күчүнө киргенин билдиришкен.

Жекшемби күнү Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Трамп АКШнын аскер-деңиз күчтөрү «Ормуз кысыгына кирүүгө же андан чыгууга аракет кылган бардык кемелерди токтотуу процессин баштайт» деп жазган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгына жакындаган бардык аскер кемелери Иран менен АКШнын ортосунда түзүлгөн алсыз эки жумалык ок атышпоо келишимин бузат деп эскерткен. Бул келишим 40 күнгө созулган катуу салгылашууларды токтотуу үчүн түзүлгөн.

Ирандын Борбордук аскер командачылыгы да эгер иран портторуна чабуул жасалса, жооп чаралары бүт аймакка жайыларын эскерткен.

Шаршемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын Перс булуңуна жана стратегиялык Ормуз кысыгына карата «кооптуу кесепеттерге» алып келиши мүмкүн болгон чагымчылдык аракеттери жөнүндө эскерткен.

Ок атышпоо режимин узартуу Иран үчүн пайдалуу эмес

Маегинин дагы бир бөлүгүндө Резаи ок атышпоо режимин узартуу Ирандын кызыкчылыгына туура келбейт деген пикирин билдирди.

«Бардык келишимдер жана биздин укуктар сакталганда гана жана резолюция БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталганда гана ок атышпоо чыныгы болот», — деди ал.

Иран убактылуу ок атышпоо келишимине макул болгон себептердин арасында ал «адеп-ахлактык жана гуманитардык» факторлорду атады.

АКШ менен дагы бир раунд сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, ал келечектеги сүйлөшүүлөрдүн бардык деталдарын «так сактоо» зарылдыгын баса белгиледи.

«Ар бир сөзгө кылдат мамиле кылышыбыз керек», — деди Резаи.

Жыйынтыгында ал эки мүмкүн болгон сценарийди атады: же АКШ токтоп, Иран койгон он шартты кабыл алат (бул аз ыктымал), же согушту утуп алуу үчүн аракетин улантат.

Өткөн дем алышта Пакистандын борбору Исламабадда Иран менен АКШнын жогорку өкүлдөрү 21 саат сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнө карабастан, АКШнын ашыкча талаптары келишимге жетүүгө тоскоол болгон.

Парламенттин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф жетектеген иран делегациясы бир катар сунуштарды киргизген, бирок америкалык тарап алардын ишке ашышына бөгөт койгон.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШиранИран-АКШ согушуПакистандагы Иран-АКШ сүйлөшүүсү
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

18.11.2026
Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.