Ирандын президенти көз карандысыз өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык бир тараптуу санкцияларды натыйжасыз кылаарын баса белгиледи.
Иран президенти Масуд Пезешкиан менен Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер боюнча пикир алмашышты.
Ирандын президентинин аппаратынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Пезешкиан Цивилевди Тегеранда кабыл алды.
Пезешкиан Иран менен Орусия стратегиялык өнөктөштүккө жана өз ара ишенимге негизделген мамилелерди сактап келе жатканын билдирди.
Иран Орусия менен кол коюлган келишимдерди ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жоюуга даяр экенин белгилеп, президент көз карандысыз өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык бир тараптуу санкцияларды натыйжасыз кыларын баса белгиледи.
Ал энергетика, мунай, жаратылыш газы, нефтехимия, өнөр жай, керектөө товарлары менен соода, транзиттик коридорлорду өнүктүрүү жана башка экономикалык тармактардагы кызматташуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи: “Эки өлкөдө тең, анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан да жогорку деңгээлде кызматташууну өнүктүрүүгө болгон каалоону эске алганда, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы жайчылык толугу менен туура эмес”.
Орусиянын энергетика министри Цивилев ошондой эле Москва өз өлкөсү менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкта конкреттүү натыйжаларга жетүүгө умтулганын жана бул максатта ишке ашыруу этабына жеткириле турган долбоорлор үчүн жумушчу топтор түзүлгөнүн белгиледи.
Цивилев Орусия, Иран сыяктуу эле, “зомбулукка” баш ийбей турганын билдирип, Ирандын тышкы кысымга туш болгон чечкиндүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.















