Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 10-октябрда иш сапары менен Түркмөнстанга барат.
Пезешкиан Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарында түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.
Ирандын президенти аталган форунда ошондой эле сөз сүйлөйт. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчылары да катышат.
Бул сапардын алкагында, Пезешкиан Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Түркмөн элинин улуттук лидери, Элдик кеңештин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана бул өлкөнүн айрым расмий өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан тышкары, Иран президенти башка өлкөлөрдүн президенттери жана расмий өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрөт.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстанда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуусу пландалганын РФ мамлекет башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирген.
“Биздин президент эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү мүмкүн, анын бирөөсү менен макулдашканбыз, бул Ирандын президенти Пезешкян менен болгон жолугушуу. Бул жолугушуу эки тараптуу маселелерди талкуулоо үчүн дагы, албетте, Жакынкы Чыгыштагы кескин курчуп кеткен кырдаалды талкуулоо үчүн дагы чоң мааниге ээ”, – деп белгилеген Ушаков.

















