Ирандын президенти Масуд Пезешкиан шейшемби күнү БРИКСке мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Орусиянын Казань шаарына келгенин Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы билдирди.
«Ирандын президенти Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 16-саммитине катышуу үчүн Казань шаарына келди”, – деп айтылат Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын Telegram-каналында.
Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин алкагында эки тараптуу эл аралык байланыштарды улантып, бүгүн Ирандын президенти Масуд Пезешкян менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Казандагы Путин менен Пезешкиан жолугушуусу бир ай ичиндеги экинчи жолугушуусу болмокчу. Айдын башында Ашхабадда өткөн сүйлөшүүлөрдө мамлекет башчылары Москва менен Тегерандын эл аралык аренадагы позицияларынын жакындыгын белгилешкен. Мындан тышкары, Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, лидерлердин олуттуу сүйлөшүүсүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал козголгон.
Россия менен Иран эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашкан. Буга чейин маалымат каражаттарында документке Казанда БРИКСтин саммити учурунда кол коюлушу мүмкүн деген маалыматтар чыккан, бирок Путин менен Пезешкян Түркмөнстанда сүйлөшүү учурунда документке өзүнчө визит учурунда кол коюуну макулдашкан.
Анда Россиянын президенти Ирандын мамлекет башчысын Россия Федерациясына расмий сапар менен келүүгө чакырган. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Москва менен Тегеран жакын арада Пезешкяндын Москвага боло турган сапарынын датасын макулдашат.
Казанда башталган БРИКСтин саммити 22-24-октябрга чейин өтөт.
БРИКС 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Орусия 2024-жылдын 1-январынан бери БРИКСке төрагалык кылууда. Жыл биримдикке жаңы мүчөлөрдүн кириши менен башталды – Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары азыр ага Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кирет.
Орусиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө. Өзүнүн төрагалыгынын алкагында Россия 200дөн ашык саясий, экономикалык жана социалдык иш-чараларды уюштурат.















