Масуд Пезешкиан Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагындагы иш-чараларга катышуу үчүн келген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Тегеран АКШ менен согушууну көздөбөйт жана сүйлөшүүлөр аркылуу келишим түзүүгө даяр. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан билдирди.
«Биз согушту тандабайбыз. Согуш бизге таңууланды, биз согушту каалабайбыз», — деди Пезешкиан Нью-Йоркто Fox News телеканалына берген маегинде. Ал аталган шаарга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагындагы иш-чараларга катышуу үчүн келген.
Анын айтымында, Иран буга чейин жетишилген макулдашуунун негизинде Вашингтон менен келишим түзүүгө карай кадам таштоого дагы деле даяр. Пезешкиан жаңжалды токтотуу чечимин АКШ кабыл алышы керектигин белгиледи.
Ирандын президенти ошондой эле Тегеран эл аралык укук боюнча өз милдеттенмелерин жана Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимди (ЯКЖК) сактай турганын билдирди.
Йемендеги хуситтердин аракеттерине комментарий берип жатып, Пезешкиан алар «өз аракеттери үчүн өздөрү жооп берет» деп белгиледи. Анын айтымында, хуситтер Ирандан көрсөтмө алышпайт.
Пезешкиан ошондой эле мындан болжол менен бир ай мурун Можтаба Хаменеи менен жеке жолугуп, аны менен жети сааттай сүйлөшкөнүн билдирди. Президент Хаменеинин ден соолугунун абалы «абдан жакшы» экенин айтты.



















