Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандык депутат: БАЭ Иранга каршы чабуулда АКШ менен кызматташканынын баасын төлөйт

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар, Саясат
  • 10.07.2026 11:12

Loading

Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Исмаил Коусари  КШнын Ирандын инфраструктурасына жасаган акыркы чабуулдарында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) көмүскө ролуна токтолуп, бул өлкө Вашингтон менен кызматташканы үчүн жооп берерин эскертти.

Парламент депутаты Fars News маалымат агенттигинин кабарчысына берген маегинде, Иранга каршы акыркы чабуулдарда БАЭнин май куюучу учактары колдонулганын көрсөткөн маалыматтарга таянып мындай деди:

«БАЭ өз аймагындагы америкалык аскердик базаларды Иранга каршы пайдаланууга уруксат берүү менен гана чектелбестен, абада май куюучу учактарды жана башка логистикалык колдоону камсыздап, бул агрессияга түздөн-түз катышты. Мындай душмандык аракет Иран Ислам Республикасынын кызыл сызыгы болуп саналат».

Тема боюнча

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026

Ал белгилегендей, БАЭ мындай аракеттери менен өзүн Ирандын душмандарынын катарына кошту жана бул кызматташтыктын баасы өтө оор болорун түшүнүшү керек.

Ал ошондой эле Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы буга чейин эле АКШ күчтөрүнө кандай гана колдоо көрсөтүлгөн аймак болбосун, ал Ирандын Куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу бутага айланарын билдиргенин эске салды.

Коусаринин айтымында, БАЭнин деңиз, темир жол жана авиациялык транспорттук инфраструктурасы, ошондой эле мунай жана газ объектилери АКШнын аймактагы базаларынын бир бөлүгү катары каралат жана ал жерден кичине дагы аракет жасалса, алар Ирандын катуу жооп соккусу үчүн мыйзамдуу бутага айланат.

Ал аймактагы өлкөлөргө кайрылып, Иран өзүнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн коргоодо чечкиндүү экенин жана АКШнын колдоосуна таянган эч бир мамлекетке Ирандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратууга жол бербей турганын айтты.

Коусари сөзүн улап, эгер БАЭ жана аны менен бирге аракеттенген мамлекеттер акылдуу болсо, мындай кооптуу авантюраларын токтотушу керектигин белгиледи. Болбосо, алардын инфраструктурасы катуу жана өкүнүчтүү жоопко туш болорун эскертти.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Flightradar навигациялык борборунун маалыматтары жана ачык булактарды талдоочу (OSINT) сайттар акыркы 48 саат ичинде АКШнын Иранга жасаган чабуулдарында БАЭ менен Катардын аймагындагы базалардан учуп чыккан абада май куюучу учактар колдонулганын көрсөткөнүн билдиришкен.

Мындан тышкары, аскердик булактар БАЭ, Катар, Иордания жана Сауд Арабиясы америкалык согуштук учактардын көп сандаган учууларына логистикалык колдоо көрсөткөнүн ырастаган.

Буга байланыштуу парламенттин Улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын өкүлү Ибрахим Резаи 40 күндүк согуш учурунда Иран Сауд Арабиясынын май куюучу учактарын жок кылган учурду эске салып, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын буга чейинки билдирүүсүнө таянып, эгер АКШ тарабынан чабуул жасалса, Сауд Арабиясынын, Кувейттин, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катардын, Иорданиянын жана Бахрейндин инфраструктуралары АКШнын «51-штаты» катары Иран үчүн мыйзамдуу бута болорун билдирди.

Ал Иран кайсы тараптан болбосун жасалган ар кандай коркунучка бардык күчү менен жооп кайтарарын белгиледи.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШиранОАЭ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026
Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

27.11.2026
Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.