Венгрияда өткөн “Polyák Imre & Varga János Memorial” атындагы эл аралык рейтингдик турнир жыйынтыкталды. Аталган турнир , 6-июндан 9-июнга чейин Будапешт шаарында болуп өттү.
Анын жыйынтыгы боюнча Ирандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 12 медаль, эркин күрөш боюнча командасы 5 медаль утушту.
Грек-рим
Ирандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча жалпы 2 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медалга ээ болушту.

Алтын медалдын ээлери:
- Мохаммад Хади Сарави 97 кг;
- Фардин Хидаяти 130 кг.
Күмүш алгандар:
- Пуйя Дадмарз 55 кг;
- Мехди Мохсеннеджад 60 кг.
Коло байге уткандар:
- Амирреза Дех-Зорги 60 кг;
- Мейшам Делхани 63 кг;
- Мохаммад Реза Гара 67 кг;
- Саид Эсмаили 67 кг;
- Даниял Сохраби 72 кг;
- Мохаммад Реза Мохтари 77 кг;
- Мохаммад Хоссейн Махмуди 87 кг;
- Шаян Хабиб Заре 97 кг.
Командалык эсепте Ирандын улуттук курамасы 173 упай менен биринчи орунду, Грузия 137 упай менен экинчи орунда жана 113 упай топтогон Венгрия үчүнчү болду.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 9-10-июнь күндөрү өткөрүлдү.
Эркин күрөш
6-7-июнь күндөрү өткөн эркин күрөш боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча Ирандын балбандары 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло) багындырышып, командалык эсепте 117 упай менен экинчи орунга ээ болушкан.

Алтын медалдын ээси:
- Хасан Яздани 86 кг.
Күмүш алгандар:
- Аббас Эбрахимзаде 65 кг;
- Адел Панахиан 79 кг.
Коло медалдын ээлери:
- Шахдад Хосрави 61 кг;
- Али Резаей 74 кг.

















