11-февралда Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 45 жылдыгы даңазалуу белгиленди. Мындан 45 жыл мурун болгон революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.
Жыл сайын бул күнү өлкө боюнча миллиондогон адамдар жөө жүрүшкө чыгышып, Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленет.
Быйыл дагы миңдеген адамдар өлкөнүн желегин, Жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин, Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Рухолла Хомейнинин жана 2020-жылы Ирактын борбору Багдадда америкалык аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн генерал Касем Сулейманинин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышып, бийликти колдогон ураандарды чакырышып, душмандарга каршы бирдиктүү турушаарын көрсөтүп, массалык жүрүшкө чыгышты.
Жүрүшкө эл менен катар жогорку даражалуу расмий адамдар, анын ичинде президент Ибрахим Раиси да чыкты.
Атактуу “Азади” аянтына баруучу жолдордо өлкөнүн аскердик жаатындагы жетишкендиктерин чагылдырган объекттер коюлду.
Мындан 45 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.















