Иранда жума күнү таң эртең менен мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо башталды.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө өлкө боюнча ачылды.
Алгачкылардан болуп Тегерандагы шайлоо участкасында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи добуш берди.

“Шайлоо күнү биз ирандыктар үчүн кубанычтын жана бакыттын күнү, шайлоого активдүү катышуу Ислам Республикасы үчүн зарылчылык”, – деди Хаменеи добуш берүүдөн кийин сүйлөгөн сөзүндө.
Өлкө лидери ирандыктарга добуш берүү маселесине олуттуу мамиле жасап, бул маанилүү саясий иш-чарага катышууну сунуштап, Ислам республикасынын түзүмүнүн күчтүүлүгү, анын кадыр-баркы жана ар-намысы ирандыктардын добуш берүүгө катышуусунан көз каранды экенин баса белгиледи.
Президенттик шайлоодо 4 талапкер ат салышууда.
Алар:
- Иран парламентинин (Мажлис) спикери Мохаммад Багер Галибаф;
- Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили;
- Ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади;
- Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян.

Буга чейин алты талапкер катталган эле. Бирок алардын экөө – вице-президент Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани ушул аптада шайлоо жарышынан чыгып кеткен.
Шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күндөрү өлкөнүн рухий лидери Аятолла Али Хаменеи бул шайлоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ирандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырган.
Ислам республикасынын шайлоо штабынын өкүлү Мохсен Эсламинин айтымында, шайлоо участкаларын жабуу саат 18:00гө белгиленген, бирок зарылчылык жаралса, алардын ишин бир нече саатка узартууга болот.
Иран президентинин милдетин аткаруучу Мохаммед Мохбер да өз добушун берди.

Шайлоо штабынын башчысы Сейед Мохаммад-Таги Шахчераги президенттик шайлоодо добуш берүүгө өлкөнүн 18 жаштан жогорку бардык жарандары катыша аларын, б.а. калктын 61 миллион 452 миң 321 адам добуш берүү укугуна ээ экенин билдирди.
Ислам Республикасынын Ички иштер министрлигинин башчысы Ахмад Вахидинин айтымында, бул шайлоолордо коопсуздук маселесине чоң маани берилип жатат. Буга байланыштуу шайлоо участкаларындагы тартипти 180 миңге жакын укук коргоо кызматкерлери камсыздайт.
Иранда кезексиз президенттик шайлоо 19-майда өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси авиакырсыкта каза болгондугуа байланыштуу өткөрүлүүдө.
Бекитилген шайлоо календарына ылайык, талапкерлерди каттоо 30-майдан 3-июнга чейин, ал эми талапкерлердин талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү 4-июндан 9-июнга чейин болуп, андан соң талапкерлердин акыркы тизмеси жарыяланды. Шайлоо өнөктүгү эки жума бою – 9-июндан 27-июнга чейин жүргүзүлдү. Шайлоого бир күн калганда “жымжырттык күнү” жарыяланган.
Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарып келген Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учураган. Учакта аман калгандар болгон эмес.


















