Иранда жылдын маанилүү майрамы болгон Ноорузга даярдыктар башталды.
Нооруз алдында ирандыктар үйлөрүн тазалап даярдык көрө башташат, бул салт аларда “хане текани” деп аталат.
“Хане текани” перс тилинен которгондо “хане” – “үй”, “текани” – “силкүү” деген маанини түшүндүрүп, жалпысынан үйдү тазалап-жыйноо дегенди билдирет.
Салт боюнча бардык үй-бүлө мүчөлөрү үйдүн ичиндеги ар бир бурчту толугу менен тазалашат: паластарды эшикке алып чыгып жууп, парда, терезе жана эмеректерди да жууп-тазалашат. Ошондой эле короо-жай, айлана-чөйрөнүн баарын тазалап, кирлерден бери жуушат.
Үйлөр жыйналгандан кийин бөлмөлөрдүн баарын гиацинт же нарцисс сыяктуу жыпар жыттуу гүлдөр менен толтурушуп, жыпар жыттуу чайыр түтөтүшөт.
Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. “Нооруз” деген сөз байыркы перс тилинен “нуруз” деген сөзүнөн алынып, бизче “ну” – “жаңы”, “руз” – “күн” деген маанини билдирет. Ал күн менен түн теңелген маалда, 21-мартта белгиленет.

















