Ирандын батышындагы Хамадан шаарында өкмөттү колдогон митинг болуп өттү. Анын катышуучулары өлкөдөгү башаламандыкты айыпташты.
Бул тууралуу ирандык Tasnim агенттиги маалымдады.
“Хамадандын тургундары башаламандыкты айыптап, элдик жүрүшкө катышуу үчүн көчөгө чыгышты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин ирандык ЖМКлар нааразылык акцияларына катышкан адамдар Ирандын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салышканын кабарлашкан. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын батышында полиция кызматкерлерине кол салуунун натыйжасында үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алган. Ошол эле учурда өлкөнүн түштүк-батышында кеминде эки адам набыт болуп, бир нече полиция кызматкери жабыркаган.
2025-жылдын декабрь айынын аягында Иранда улуттук валютанын — иран риалынын — девальвациясынын фонунда нааразылык акциялары башталган. Нааразычылыктын негизги себеби алмашуу курсунун кескин өзгөрүшү жана анын дүң жана чекене бааларга тийгизген таасири болду. Буга байланыштуу Ирандын Борбордук банкынын башчысы Мохаммад Фарзин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын ордуна 31-декабрда президенттин жарлыгы менен Абдольнасер Хеммати дайындалган.
Иран учурда инфляциянын жогорку деңгээлин башынан кечирүүдө (Ирандын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, жылдык инфляциянын деңгээли 38,9%га жеткен). Риал тездик менен алсырап жатат: акыркы бир нече айдын ичинде ал долларга карата бир нече ирет антирекорд жаңырткан. Бир нече жыл мурда — АКШ 2018-жылдын май айында өзөктүк келишимден чыкканга чейин — доллардын расмий эмес курсу болжол менен 50 миң риалды түзгөн. Азыр болсо эркин рынокто доллар 1,4 миллион риалга бааланууда.

















