Ирандын маалымат каражаттары Америка жана Израилдин маалымат каражаттарынын күрттөрдүн катышуусунда Иранга каршы кургактагы операциянын башталышы жөнүндөгү маалыматтарды четке кагышты.
Ирандык Tasnim News агенттигинин Илам, Керманшах жана Батыш Азербайжан провинциясындагы журналисттери Американын Fox News жана Axios телеканалдарынын күрттөрдүн Ирандын аймагына кирип келиши тууралуу бардык жаңылыктары калп экенин билдиришти.
Журналисттер Илам, Керманшах жана Батыш Азербайжан провинцияларынын чек араларына күрттөрдүн кирип келгени тууралуу эч кандай маалымат албаганын ырасташты.
Буга чейин Америка жана Израилдин маалымат каражаттары Иранда күрттөрдүн катышуусунда кургактагы операция башталганын кабарлашкан.















