Иран жакын арада «Саханд» жана «Загрос» деп аталган эки жаңы эсминецти сууга коё берет.
Бул тууралуу Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн командачысы контр-адмирал Шахрам Ирани билдирди.
Анын айтымында, “Саханд” эсминеци – ири машыгууга катышкандан кийин Инди океанынын түндүгүндөгү сууларды коргоо миссиясына жөнөтүлүүгө даярдалып жатат.
Ал эми “Загрос” – Аскер-деңиз флотунун эң жаңы жана эң заманбап аскердик-чалгындоочу эсминец болуп саналат. Ал туруктуу тик учактарды ташуу үчүн ангар менен жабдылган жана ал дагы жакында сууга кое берилет.
















