Иран өзүнүн өзөктүк программасы жана Тегеранга каршы санкцияларды алып салуу боюнча Британия, Германия жана Франция менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрдү.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин мекеменин Telegram-каналында маалымдалат.
“Бейшемби күнү Женевада эксперттердин деңгээлинде Иранга каршы санкцияларды алып салуу чөйрөсүндөгү жана республиканын өзөктүк программасы боюнча түрдүү маселелерди талкуулоого жана пикир алмашууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду болуп өттү”, – деп билдирди Багаи.
Иран менен Европа үчтүгүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы февралдын аягында республиканын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчинин БУУнун куралсыздануу боюнча конференциясына катышуу үчүн Женевага сапарынын алкагында өткөн.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абадинин айтымында, Арагчи европалык үчтүктүн өкүлдөрү менен өзөктүк келишимди талкуулаган. Ал ошондой эле бардык тараптар көйгөйдү чечүүгө умтулуп жатканын белгилеген.
Андан мурда Иран менен “европалык үчтүк” өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Германия жана Франция) ортосундагы өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр эки жылдык тыныгуудан кийин 2024-жылдын 29-ноябрында Женевада өткөн. Сүйлөшүүлөргө Ирандын делегациясын Ирандын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча жардамчысы Мажид Тахт-Раванчи жетектеп келген.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишимден чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.















