Азыркы татаал геосаясий кырдаалда Иран Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана БРИКСке кирген мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб Абади билдирди.
Анын айтымында, БРИКС жана ШКУ сыяктуу эки ири көп тараптуу бирикмеге кирген өлкөлөр орток кызыкчылыктар жана максаттар боюнча бир багытта иш алып барышат.
Бул тууралуу ал ШКУ жана БРИКС боюнча иштерди координациялоо штабынын биринчи жыйынында сүйлөп жатып белгиледи.
«Бул уюмдар жаңы түзүлгөн эмес, бирок биз аларга жакында эле кошулдук. Ошентсе да, өлкө-мүчөлөрдүн кызыкчылыктары кайчы келген учурлар байкалган жок, айрыкча, кандайдыр бир мүчө мамлекетке тиешелүү маселелер талкууланганда да пикир келишпестиктер жок»,
— деди Казем Гариб Абади.
Ирандык дипломат өзгөчө белгилегендей, АКШ жана Израилдин Иранга карата жакында жасаган агрессиясынан кийин БРИКС жана ШКУ уюмдары кыска убакыттын ичинде онлайн жыйын өткөрүп, Иранга кол салууну катуу айыптаган билдирүү кабыл алышкан. Бул тууралуу IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.
Абадинин айтымында, бул көрүнүш — өз ара көзкарандысыз жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн орток кызыкчылыгында пайдаланууга тийиш болгон зор потенциал.
«Эгер бул маселеге ушул көз караштан карасак, анда Иранга жүктөлгөн милдет — бул эки уюм менен иштөөдө абдан маанилүү жана чечүүчү роль аткарат»,
— деп жыйынтыктады дипломат.















