Россия, Кытай жана Ирандын өкүлдөрү Ислам Республикасынын өзөктүк программасы боюнча кезектеги консультацияларды өткөрүштү. Бул тууралуу Россиянын Венада жайгашкан эл аралык уюмдардагы өкүлү Михаил Ульянов билдирди.
«Бүгүн Кытай, Иран жана Россия Ирандын өзөктүк маселеси боюнча салттуу үч тараптуу консультациялардын кезектеги айлампасын өткөрүштү. Биз 19-ноябрдан 21-ноябрга чейин өтө турган МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында позицияларыбызды координацияладык», — деп жазган дипломат өзүнүн Telegram-каналында.
Россия, Кытай жана Ирандын үч тараптуу консультациялары Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаал курчуп турган мезгилде өтүүдө. Европа өлкөлөрү Тегеранга каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын кайра жандандыруу аракетин көрүп жатышат. Бирок Россия менен Кытай бул санкциялар Ирандын өзөктүк программасы боюнча “Биргелешкен комплекстүү иш планы” (JCPOA) келишиминин мөөнөтү бүткөн соң күчүн жоготкон деп эсептешет жана суверендүү мамлекет катары Иранга басым жасоого каршы чыгышууда.



















