Ирандын президенти Ибрахим Раиси жогорку даражалуу делегацияны баштап Түркиянын борбору Анкара шаарына келди.
Ислам Республикасынын президенти бул өлкөгө расмий сапар менен түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен барды.
Расмий тосуп алуу аземинен кийин эки өлкөнүн президенттери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси расмий сапар менен Түркияга барды Эрдоган менен Раиси Анкарада эки тараптуу мамилелерди жана Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулап жатышат.✅Толук маалыматты бул жерден окуңуз:👇👇👇https://kg.eurasiatoday.ru/iran-prezidentinin-turkijaga-sapary-gazadagy-kyrdaal-talkuulandy/Видео: A Haber
Опубликовано Евразия Бүгүн Среда, 24 января 2024 г.
Мындан тышкары, сапардын алкагында Эрдоган менен Раисинин төрагалыгы астында Түркия менен Ирандын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин сегизинчи жыйыны өтөт.
Кеңеш жыйынында Түркия менен Ирандын ортосундагы мамилелердин бардык аспектилери каралат жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жасала турган кадамдар талкууланат»,-деп Түркия президентинин канцеляриясынан белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Израилдин Газага жана басып алынган Палестина аймактарына кол салуулары боюнча пикир алмашышты.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелерди, биринчи кезекте Газадагы кырдаалды кеңири талкууладык. Биз аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган кадамдардан качуунун маанилүүлүгүн макулдаштык. Израилдин адамгерчиликсиз чабуулдарын токтотуу жана Газа боюнча адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын талкууладык», – деди Эрдоган.
“Түркия менен Иран Газа тилкесиндеги кризисти тынчтык жолу менен тез арада чечүүнү колдошот”, деп билдирди Эрдоган Раиси менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.
Мындан тышкары, Анкарадагы жолугушууда Эрдоган менен Раиси Сирия, Түштүк Кавказ жана Ирактагы абалды талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында иран-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган түрдүү келишимдерге кол коюу пландалууда.
Раиси Түркияда жашаган ирандыктар менен да жолугушары кабарланды.
Иран президенти Анкарага сапары менен 5-январда келмек, бирок Кермандагы теракттан улам кийинкиге жылдырылган.














