Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Пакистандын Белужистан провинциясында аскерлерди ташыган автобуска жасалган террордук чабуулду катуу айыптады.
“Eurasia Today” агенттиги маалымдагандай, Багаи Иран Ислам Республикасынын терроризмдин бардык түрлөрүн жана ал кайсы жерде жасалбасын айыптоодогу принципиалдуу позициясын баса белгилеп, кол салууда курман болгондордун жакындарына жана Пакистандын элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, аларга тилектеш экенин билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ошондой эле терроризмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн эки тараптуу жана аймактык деңгээлдеги аракеттерди жана кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Пакистандагы теракт
Пакистандын Белужистан провинциясында N-40 шоссесинде чек арачылардын автобус кербенине кол салуу болду. Окуянын натыйжасында кеминде 12 пакистандык аскер набыт болуп, 26сы жарадар болгонун чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.
Кол салуу жардыруу менен башталып, андан соң Ракшани Милл аймагында катуу ок атышуу болгон. Жардырууну жанкечти колго жасалган жардыргыч зат менен жасаган.
Аскерлер тараптан жооп иретинде атылган октун натыйжасында эки террорчу жок кылынган. Аймак коопсуздук күчтөрү тарабынан курчоого алынган.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Белужистан боштондук армиясы” өзүнө алды.
Эске салсак, “Белужистан боштондук армиясынын” согушкерлери 11-мартта аталган провинцияда поезддеги 450дөй кишини барымтага алышып, айдоочуну жарадар кылышкан. Кол салгандар барымтадагы 50дөй адамды өлтүрүшкөн. Кийинчерээк поезддин жүргүнчүлөрү бошотулганы белгилүү болгон. Операция учурунда 28 аскер каза болгон.
















