Ислам революциясынын сакчылар корпусу Иранга жасалган чабуулга байланыштуу Ормуз кысыгын кемелердин өтүшү үчүн жапты.
Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генерал-майору Эбрахим Жаббари Al Mayadeen телеканалына берген маегинде билдирди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ менен Израилдин аскердик агрессиясынан, ошондой эле Ирандын жооп кайтаруу аракеттеринен улам аймакта жаралган кооптуу кырдаалга байланыштуу ар кандай кемелерге кысык аркылуу өтүү же сүзүү кооптуу экенин эскертишүүдө.
Кемелер Ислам революциясынын сакчылар корпусунан Ормуз кысыгы аркылуу эч кандай кемелердин өтүшүнө уруксат берилбей тургандыгы тууралуу билдирүүлөрдү алып жатышат.
28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагына, анын ичинде баш калаасы Тегеранга бир нече жолу чабуул жасады.
Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз катчысы өлкөнүн 24 провинциясы чабуулга кабылып, 201 адам каза болуп, 747си жаракат алганын билдирди.
Буга чейин Иран ТИМинин өкүлү Исмаил Багаи Израилдин мектепке жасаган чабуулунда 160ка жакын адам каза болгонун билдирген. Каза болгондордун арасында башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери да бар.
Көп өтпөй Иран жооп катары Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына ракета жана дрондор менен сокку урууда.
















