Иран өлкөсү келерки иран календары боюнча жаңы жылдын биринчи жарымында (2025-жылдын 21-мартынан тарта) модернизацияланган “Коусар” спутнигин учурууну пландаштырууда.
Бул тууралуу Аэрокосмос тармагында адистешкен илимге негизделген “Омид фаза” жеке компаниясынын башкы директору Хусейн Шахраби Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи катышкан Тегерандагы жеке сектордун жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрүнүн көргөзмөсүндө билдирди.
“Koусар” спутнигинин модернизацияланган версиясы “Коусар 1.5” деп аталат.
Ата мекендик адистер тарабынан жасалган ““Коусар 1.5” спутниги 2024-жылдын 5-ноябрында космоско учурулган эки “Коусар” жана “Хадхад” спутниктеринин жакшыртылган версиясы.
Ирандын “Коусар” жана “Хадхад” деп аталган эки спутниги орбитага Россиянын “Восточный” космодромунан россиялык “Союз-2” ракета-алып жүрүүчү менен учурулган.
Жерди аралыктан зонддоо спутниги «Коусар» айыл чарбасында, айлана-чөйрөнү көзөмөлдөөдө жана жаратылыш ресурстарын башкарууда колдонууга арналган, ал эми «Хадхад» телекоммуникациялык аппараты байланыштын сапатын жогорулатат.
Спутниктер Ирандын “Омид фаза” компаниясынын өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан.
“Коусар” спутнигин иштеп чыгуу 2019-жылы башталган, ал эми биринчи аппараттын техникалык чечимдерин колдонулган “Хадхад” спутниги бир жылдын ичинде долбоорлонуп курулган.
Өткөн жылдын октябрдын башында Тегеран орбитага 2025-жылдын март айынын аягына чейин өздүк өндүрүштөгү “Коусар”, “Толо-3” жана “Зафар-2” деп аталган үч аралыктан зонддоо спутниктерин учурары маалымдалган. Үч аппараттан турган система табигый кырсыктар учурунда, өзгөчө жер үстүндөгү инфраструктура иштебей турганда, чечимдерди кабыл алууну жеңилдетүү үчүн маалыматтарды кабыл алууга жана берүүгө мүмкүндүк берет.
Буга чейин 2024-жылдын 20-мартынан 2025-жылдын 20-мартына чейин созулган учурдагы календардык жылда Иран “Парс-1” спутнигинин экинчи прототибин түзүүнү аяктап, “Нахид-2” жана “Саман-1″ди учурууга даярдоону пландап жатканы маалымдалган.
«Союз» ракета-алып жүрүүчү Ирандын спутниги менен бирге буга чейин дагы учурулган. 2022-жылы Ирандын өтүнүчү менен Байконурдан “Хайям” спутниги да орбитага чыгарылган.















