Иран менен Россия Каспий деңизинде үч күндүк биргелешкен машыгуу өткөрөт. “CASAREX 2025” деп аталган маневрлер 21-июлда башталат. Ага эки өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрү жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (Ирандын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү) кызматкерлери катышат.
Бул тууралуу “Tasnim” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.
«Иран Ислам Республикасынын Аскер-деңиз күчтөрү тарабынан уюштурулган CASAREX 2025 деп аталган деңиздеги издөө-куткаруу машыгуулары Каспий деңизинде 21-июлдан тарта үч күн өткөрүлөт. Бул машыгуулар Ирандын Аскер-деңиз күчтөрү, Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) жана Россиянын Аскер-деңиз күчтөрү катышуунда өтөт. Ошондой эле Каспий аймагындагы башка өлкөлөрдөн да байкоочулар болот”,- деп айтылат маалыматта.
“Tasnim” агенттигинин маалыматына караганда, машыгуулардын максаты — Каспий деңизинде деңиз коопсуздугун жана аймактык аскердик кызматташтыкты күчөтүү болуп саналат.















