Иран бийлиги Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташууну толук токтоткон жок, бирок ал келечекте жаңы форматта жүргүзүлөт.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Арагчи билдирди.
“Агенттик менен кызматташуубуз токтогон жок, бирок ал жаңы формага ээ болот, бул жаңы реалдуулуктарды жана болуп өткөн окуяларды эске алуу менен табигый көрүнүш”, – деди ал элчилер жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери менен жолугушууда.
Аракчи МАГАТЭнин кызматташууну улантуу үчүн Иранда текшерүүлөрдү улантуу талабы ар бир конкреттүү учурда өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши тарабынан коопсуздук маселелерин эске алуу менен караларын баса белгиледи.
Анын айтымында, Израил менен согушта жарылбай калган снаряддардын жарылып кетүү коркунучу бар болгондуктан, Иран МАГАТЭнин кызматкерлеринин өзөктүк объектилердеги коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча олуттуу тынчсызданууда.
Эске салсак, июнь айынын аягында Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф Иран бийлиги Ислам Республикасынын МАГАТЭ менен кызматташтыгын токтоткон мыйзам чыгарганын жарыялаган. Ал агенттикти Израилдин “коргоочусу жана кызматчысы” деп атап, Ирандын өзөктүк объектилеринин коопсуздугу камсыз кылынмайынча МАГАТЭ менен кызматташууну улантуу мүмкүн эмес экенин айткан.
2-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран менен МАГАТЭнин кызматташтыгын токтотуу боюнча мыйзамга кол койгон. Документке президент кол койгон учурдан тартып мыйзам күчүнө кирди деп эсептелет жана аткарууга милдеттүү.
Буга чейин Иран парламентинин вице-спикери Хамид-Реза Хажи-Бабаи Иран бийлиги мындан ары МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гроссинин Ислам Республикасынын өзөктүк объектилеринде болушуна жана ал жерге камера орнотуусуна уруксат бербей турганын, анткени Тегеран бул объекттер тууралуу маалыматты Израилден алган документтерден көргөнүн билдирген.



















