21-июлда Ирандан Кытайга биринчи жүк ташуучу поезд жөнөп кетти. “Априн” кургак порт жана темир жол терминалында өткөн салтанаттуу иш-чарага Иран темир жолунун башкы директору Миад Салехи, Кытайдын элчисинин орун басары, Казакстандын элчиси жана Түркмөнстандын убактылуу ишенимдүү өкүлү да катышты.
Бул каттамды ишке киргизүү Кытайдын товарларын Батыш Азияга жана Европага ташууда Ирандын транзиттик потенциалын бекемдөө болуп саналат.
Кытайдан биринчи поезд Иранга мындан 12 күн мурун келген.
Кытай транзиттик поездинин Иранга келиши бул өлкөдө кытай товарларынын рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Поезд Казакстан жана Түркмөнстандан аркылуу 10 күн жүрүп Инче-Борун чек ара терминалы аркылуу Иранга келген.
Ирандын темир жол соодасы жана эксплуатация боюнча орун басары Мортеза Жафари бул поезд үзгүлтүксүз каттап, жакынкы келечекте анын күн сайын келип-кетүүсүнө күбө болобуз деген үмүтүн билдирди.
Анын айтымында, бул поезддин жүрүү убактысы жүктүн деңиз аркылуу ташылгандагы жол жүрүү убактысынын дээрлик жарымын түзөт жана тариф боюнча деңиз аркылуу ташуулар менен атаандаша алат.
Кытайдын элчисинин орун басары Лихуа Фу Иран менен Кытайдын эки тараптуу кызматташуусу акыркы жылдарда жакшы жыйынтыктарды берип жатканын белгиледи.
Ал Кытайды Борбордук жана Батыш Азия менен байланыштырган бул контейнердик поезддин ишке кириши Кытай менен Ирандын кызматташтыгын өнүктүрүү каналы болуп саналарын жана эки өлкөнүн ортосундагы коммерцияалык, өнөр жай жана маданий кызматташтыгы үчүн мүмкүнчүлүк экенин айтты.
Казакстандын элчиси бул темир жол каттамы келечекте Түркия жана Европа Биримдиги менен байланышат деген ишенимин билдирди.

















