Ирандын БУУдагы элчиси жана туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани Израилдин Ливандын аймагына жасаган чабуулдарынан жана Ливандын “Хезболла” кыймылынын башкы катчысы Хасан Насралланын өлүмүнөн улам БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды, деп билдирет IRNA агенттиги.
«Аймактык, эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн олуттуу кесепеттерди эске алуу менен, Иран Коопсуздук Кеңешин Израилдин аракеттерин эң катуу түрдө айыптоого чакырат. “Андан тышкары, Иран Коопсуздук Кеңешин Израилдин террордук агрессиясын жана уланып жаткан мыкаачылыктарын чечүү үчүн чукул жыйынга чакырат”, – деп жазган Ирани БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке катында.
Катта Израилдин жоопко тартылышы жана анын жырткычтык кылмыштарынын кесепеттерине дуушар болушу керектиги белгиленген.
27-сентябрда “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насрулла Израилдин Бейруттун түштүк четине жасаган чабуулунан каза болгон.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин 16-27-сентябрдагы чабуулдарынын натыйжасында өлкөдө 1030 адам, анын ичинде 56 аял жана 87 бала каза болуп, 6352 адам жарадар болгон.















