Тегеран менен Вашингтон 6-февралда Оманда Ирандын өзөктүк маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык медиа баракчасында билдирди.
“АКШ менен өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөр жума күнү эртең менен саат 10:00 чамасында (Москва убактысы боюнча саат 9:30да) Маскатта өтөт”, – деп жазган Аракчи.
Ошондой эле ал сүйлөшүүлөрдү даярдап, уюштургандыгы үчүн омандык кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүлөр 6-февралда Оманда өтөөрүн америкалык аткаминер ырастаганын Reuters агенттиги да жазды.
ISNA агенттигинин маалыматы боюнча, жолугушуунун форматы мурунку жолугушууларга окшош болуп, Оман тарап ортомчу болот.
Иран тарапты тышкы иштер министри Аббас Аракчи жетектейт, ал эми АКШ тараптан президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф барат. АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнердин катышуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.
Буга чейин АКШ менен Иран Стамбулда жолугушуу өткөрүүнү макулдашкан. Бирок кийинчирээк Трамптын администрациясы Ирандын сүйлөшүүлөрдү Түркиядан башка жерге жылдыруу өтүнүчүнө макул болгону кабарланган.
















