Ирандын АКШ менен сүйлөшүү процессиндеги негизги максаты – Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды алып салуу, Ирандын өзөктүк программасы бир гана тынчтык мүнөзгө ээ, деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи.
Буга чейин ЖМКларда Иран менен АКШ кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөрү маалымдалган. Көп өтпөй муну Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи тастыктап, Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрү 12-апрелде Оманда башталарын Х соцтармактагы баракчасынан билдирген. Анын айтымында, Омандагы жолугушууга өзү жана АКШнын атайын чабарманы Стивен Уиткофф негизги сүйлөшүүчү болуп дайындалган. Сүйлөшүүлөргө Омандын тышкы иштер министри Бадр бен Хамад бен Хамуд аль-Бусаиди да катышары айтылган.
“Сүйлөшүүлөрдүн темаларына келсек, ар ким өзүнүн божомолун же каалоосун айта ала тургандыгы табигый нерсе… Биз Иран элинин кызыкчылыгын камсыз кылууга аракет кылабыз жана биздин өзөктүк программабыз бир гана тынчтык жана мыйзамдуу мүнөзгө ээ. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231 резолюциясы да биздин программабыздын мыйзамдуулугун тастыктады… Ишеним орнотуунун ордуна, албетте, жалган жалаалардын негизинде Иранга каршы адилетсиз киргизилген санкциялар жоюлушу керек. Сүйлөшүүлөрдөгү биздин негизги максатыбыз – Иран элинин укуктарын ишке ашыруу жана Иранга каршы санкцияларды алып салуу”,-деди Аракчи.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
Март айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидерине кат жолдоп, Тегеран менен өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүүнү артык көрөрүн айтып, келишимге жетишилбесе аскерий жооп кайтаруу менен коркуткан. Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран жооп катында өзөктүк программа маселеси боюнча АКШнын түз сүйлөшүүлөрүнөн баш тартканын, үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен гана кыйыр сүйлөшүүлөргө жол ачык экенин билдирген.















